Пандемияда эч кандай ишибиз токтогон жок. Жайлоого мал жайган малчыларга пандемия таасир этпеди. Анткени мал-жандыкты караш керек. Жайыт акысын да өз убагында төлөр жатышты .
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагына жети айыл кирет. Жети айылдан 30 ашуун жайыт жерлерин пайдалангандар бар. Ал эми жайыт комитети ишин кандай алып барып жатат? Пандемиянын комитетке таасири тийдиби? Жайыт жерлер үчүн төлөм кандай белгиленгени жөнүндө Могол айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Лукумов билдирди.
Ооган-Талаа айылында жайыт комитетинин 12 мүчөсү эмгектенет. Жайыт комитетинин курамына жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөт башчысы кирет. Алар 3 жылга шайланат. Айыл өкмөтүнүн башчысы Жайыт комитетинин кеңешинин төрагасы болуп саналат. Ооган-Талаа айылынын жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Лукумов иш алып барып, аткарган иштери боюнча баяндады Могол айыл аймагында жалпы 1881 гектар жайыт болсо, анын 1681 гектар алыскы, 200 гектар жакынкы жерлер жайыт жер үчүн пайдаланууга берилет.
Жалпы Могол айыл аймагында 30 жайыт колдонуучу бар. Алардын 15 Кызыл-Үнкүр жайлоосуна чыгышат. Ал эми 15 Могол айыл аймагындагы жайыттарга чыгышат.
«Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы ар жыл сайын жайыт комитети тарабынан аныкталат., жергиликтүү кеңеште бекитилген жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планында көрсөтүлгөн. 2021-жылдын планында мал жандыктарга уйга -115 сом, 5 койго-115 сом, жылкы башына-115сомдон төлөшөт. Жайыттарды жана жайыт инфратүзүмдөрүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө, жайытка барчуу жолдорду оңдоого жумшалат. Азыр комитет жайлоого көчө турган малчылар менен иш алып барылып, жайыттардын абалы менен таанышып, бюджеттен жана төлөмдөн түшкөн каражаттарга сел алып, көчкү түшкөн жерлерди ондоодобуз», -деди Мирлан Лукумов.
Ал эми 2019-2020-жылдагы пандемия жайыт комитетине таасирин тийгизген жок. Анткени мал-жандыкты караш керек да. Малды жайлоого айдап, жайыттын төлөмүн убагында төлөп жатышты. Жыйналган акчалар туура бөлүштүрүлүп, иштетилди», — деп кошумчалады жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Лукумов.
Гүлназ Камбарали кызы