Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагынын жайыт комитети бир нече долбоорлор менен иш алып барып келет. Пандемия күч алган маалда долбоорлорду да ишке киргизүү бир кыйла кыйынчылыктарды алып келгенин Казан-Куйган айылынын жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбек Карабагышов баса белгиледи.
“Пандемия башталган убакытка караганда азыр ишмердүүлүк көбөйдү. Оору күч алып турганда ашыкча иш кыла алган жокбуз. Болгону жайыт акыны жыйноо болуп жатты. Элибиз да туура түшүнүү менен кабыл алып, жайыт акыны кечиктирбей убагында төлөп жатышты.
Былтыркы жылдары жайыттарга мониторинг жүргүздүк, жерлерди тактадык. Айрыкча эрозия болгон, такыр калган жерлер такталып, себептери аныкталды.
2021-2022-жылдарга катара “Camp Ала-Тоо”, Ага-Хан ж.б. долбоорунун алкагында иш алып бардык. Алыскы жайлоолордо малдарды камакка алынуучу жай курулуп, малдарды дарылоо иштери жүргүзүлүп жатты.
Азыркы учурда сугат иштерине даярдыктар көрүлө баштады. Айылдын башына гидротехникалык курулушту баштоо планыбызда бар. Себеби, суу өткөргүч курулбаса жайында чөп чабуу учурунда айылдын башынан суу токтотулган учурда, айыл ичинде да сугат иштери токтоп калып жатат. Суунун жетишсиздиги айыл ичиндеги үрөөндөрдүн түшүмүнө залалын тийгизет. Ал эми мындай көйгөйдү чечүүнүн бир жолу айылдагы каналдын башына жана аягына суу өткөргүч куруу керек. Мына биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз”,-дейт Өмүрбек Карабагышов.
Жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбек Карабагышов окуучулар үчүн да бир катар өз демөөрчүлүгү менен сынактарга катышууга, уюштурууга көмөк көрсөтүп келет. Муну менен катар мектепке да демөөрчүлүк кылып, энциклопедияларды, кызыктуу жомок китептерди, ар түрдүү чыгармалады белек кылып, окуучуларды кубандырып келет.
Эң масштабдуу өткөрө алган иш -чара “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата Нарын районундагы мектептер арасында “Бүт ийгилик китеп менен алынаар, китеп менен асманга жол ачылар” аттуу сынак уюштура алган.
Эркеайым Замирбек кызы