Дүйнө жүзүн каптаган Ковид-19 илдети башталганы адамдардын жашоо нугун инновациялардын жана прогресстин мезгилине бурулду. Себеби көптөгөн ишканалар жана жумушчулар учурда иштөө үчүн ыңгайлуу технологияны колдонушууда. Инновациялык технология көптөгөн адамдардын жашоосунун маңызы болгондуктан, учурда ишкерлер үчүн жаңы жана кызыктуу доор башталды.
Ишкерлер жолугушуу жыйындарды, конференция семинарларды өткөрүү үчүн онлайн режиминде интернетти пайдалануу зарылчылыгы көбөйдү . Ал гана эмес соода сатык жүргүзүү үчүн интернет магазиндердин саны күн сайын өсүүдө.
Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоодо, ишкерлер бизнестерин санариптик орнотууларга өтүү ыңгайлуу болоорун айтышты. Ал гана эмес айыл жергесинде жашаган айымдар соода сатыкты интернет аркылуу жүргүзүүгө өтүштү.
Айыл тургуну Чынара Төрөгелдиева айымдардын кийимдерин сатып иштегенине көп жылдын жүзү болду. Карантин учурунда соодасын үзгүлтүккө учуратпай Турция, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн товарды интернеттен буйрутма менен алдырып турду.
Ишкердин айтуусу боюнча: “ Мен мурда товарды тааныштарым аркылуу алдырчумун. Албетте алар да товар салуу үчүн өз үлүштөрүн алышат. Ал эми пандемия башталганы мен бизнесимдин токтоп калбашы үчүн көйгөйдөн чыгуу жолдорун изилдей баштадым. Интернет аркылуу буйрутма менен товар алдырууну үйрөндүм. Ал гана эмес кардарларыма соцтармактар аркылуу сатууну үйрөндүм.
Бул соода сатыкка алда канча жеңилирээк болот экен. Тескерисинче ар бир кардарды жекеме жеке тейлегенден көрө интернет аркылуу тейлеген оңой экен. Instagram, Тelegram,WhatsApp группаларын ачып товарларды сатууну өздөштүрдүм.Бул ыкма ата мекендик жана эл аралык бизнестин ортосундагы жакшы байланыш болот деген ойдомун. Санариптик доордо жалпы максатка жетүүнүн жолдорун үйрөнүп, чет өлкөлүк деңгээлде базар экономикасынан калышпай өсүш бизде болот деп ишенем».
Турсун Омуралиева