Кыргызстан дагы дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле былтыркы жылдан бери пандемиялык кырдаалды баштан кечирип жатат. Албетте мындай шартта маданий иш- чаралар чектөө менен, айрым учурда аралыктан өтүүдө.
Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын маалыматына караганда COVID-19 илдети маданий-массалык иштерди, кароо-сынактарды уюштуруп, өткөрүүдө бир топ тоскооолдуктарды жаратты.
«Анткени санитардык эрежелерди, аралыкты сактоо, элди чогултпоо өңдүү алгоритмдер киргизилген. Ошол себептүү чакан жолугушуулар, сынактар өтүп жатат. Кээде сынактын райондук турун аралыктан өткөрүп, кийинки турга кадимкидей эле катышып келип жатышат маданият кызматкерлери. Маданият үйүндө иш-чаралар өтөрдө антисептик каражаттары менен жугушсуздандырып, бет кап тагынуусун талап кылып жатабыз. Айылдык клубдарда дагы ушундай эле көрүнүш. Бирок баары бир маданият кызматкерлери даталуу күндөрдө майрамдык иш-чараларды уюштурууга, өткөрүүгө туура жатат. Мындай учурда мүмкүн болсо санитардык талаптарды сактап жатабыз»,- дейт.
Ал эми Нуркул Кулназаров атындагы китепканалар тармагында дагы окурмандар байма-бай келип, окуу бөлмөсүндө китеп окушат же жазылып алып кетишет.
«Окуп, анан үйдөн алып келген китептерди кадимкидей жугушсуздандырып, атайын үкөккө салып коебуз өзүнчө. Бир жумадан кийин гана аны китеп текчеге кошобуз. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйүнө барып, китеп окуп беребиз. Ал эми даталуу күндөрдө иш-чараларды чакан чөйрөдө уюштуруп жатабыз. Мындан сырткары, социалдык тармак аркылуу жарыя кылып, каалоочуларга китепти үйүнө жеткирип берип жаттык. Окуучулар дайымкы окурмандарыбыз болгон үчүн атайын бурч уюштуруп, аралыктарды сактап отуруусун эскертип турабыз»,- деди китепканалар тармагынын жетекчиси Гүлжаз Сулайманова.
Барчын Мамытбекова