Коронавирус менен ооруп айыккан бейтаптар кайрадан медкызматкерлерге кайрылууда. Анткени, башка оорулар күч алып, тынчсыздандырып жатканын айтышууда. Бул тууралуу Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын №8081 үй-бүлөлүк дарыгерлеринин башчысы Бурул Сарбашова айтты.
Бурул Сарбашованын айтымында:
“Учурдун көйгөйү болгон коронавирус оорусу менен ооруп айыккандар ар кандай өнөкөт ооруларга кабылып жатышат. Булардын көпчүлүгү аялдар десем болот. Ковид-19 адамдын ден-соолугуна терс кесепетин сөзсүз берет, мисалы жүрөк, кан тамыр, өпкө бөйрөк ж.б. органдарга залалын тийгизет. Ооруп айыккан адам дарыланып алдын албаса, адамдын ден-соолугун кайра калыбына келтирүү татаал болуп калат. Биз ооруну башынан өткөргөн адамдардан сурап алардын бардыгы бул оору айыгары менен кетип калчу вирус эместигин айтышууда. Тилекке каршы алар кайрадан бизге кеңеш сурап келишүүдө. Ошондой эле эч ким вирус экинчи жолу жугуп калбайт деп 100% кепилдик да бере албайт.
Ар бир адамдын иммундук системасы ар башка. Азыр Кытай баштаган бир катар өлкөдөгү окумуштуулар вирус улам кайталана берерин далилдеп жатышпайбы. Тилекке каршы бизде ооруп калгандар жок эмес. Андыктан ар бир адам сак болушу керек. Вируска карата организм кандай реакция кылары белгисиз.
Ооруп айыккан кишиде коронавируска карата иммунитет пайда болот. Адамдын иммундук системасы бул вирусту бир ооругандан кийин таанып калат. Бирок азыр канча убакытка чейин бул иммунитет сакталып турат деген суроого так жооп жок. Ошентсе да бир топ адистер, айрыкча башка мамлекеттердеги кесиптештерибиз бул иммунитет көпкө созулушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Анткен менен убакыт өткөн сайын иммунитеттин күчү азая берет», -деп маалымат берди.
Ал эми айыл тургуну Дамира Акинова кыш айларында ооруганын айтып жана дагы деле вирустун кетпегенин айтты. Ал коронавирус оорусунан кийин көп убакыт тамак-аштын даамын билбей, жыт сезбей жүргөнүн жана азыркы учурда бат чарчап, кан басымы көтөрүлүп өнөкөт ооруларын козгогонун билдирди.
Ковид-19 менен ооруп айыккандардын көбү азыр реабилитация курстарын өтүп жаткандарына байланыштуу, коронавирус инфекциясы мындан тышкары дагы кандай кесепеттерди берерин толук окумуштуулар толук изилдешип бүтө элек. Адистердин айтымында, коронавирустун жеңил, орто жеңил, оор түрлөрү менен ооругандардын бардыгынын тилекке каршы ден-соолуктары баштагыдай болбой, коронавирус менен ооруган көпчүлүк бейтаптарда даам сезүү жана жыт билүүсү бир нече аптадан кийин гана калыбына келет дешүүдө.
Нурзат Момуналиева