Суусамыр өрөөнүндө болуп жаткан «Парламент сүйлѳйт» таймашынын финалдык айлампасы 4-апрелде болуп ѳттү. Адаттагыдай эле бул таймаш беш мектеп арасындагы мектеп ичиндеги ѳзүн- ѳзү башкаруу уюмунун президенттеринин арасында болду.
Мектеп президенттери Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде иш- пландары менен тааныштырып, тесттик жана аткарган иши тууралуу суроолорго жооп берип, талантын көрсөтүп беришти. Бул сынак үчүнчү жыл өткөрүлүп жатса дагы, Түркмөн орто мектеби буга чейин жеңишке жете албай келген. Ар бир күч сынашкан таймашта жеӊүүчү дагы жеӊилүүчү дагы болгондой бул таймашта жеӊүүчү болуп Түркмѳн орто мектебинин 10-классынын окуучусу Алымбек Кадырбаев табылды. Ал ѳз сезимдери менен бѳлүшүп кетти:
«Чындыгын айтканда азыркы сезимдеримди сѳз менен жеткире албайм, себеби сынакка мен толук бир ай даярдандым жана биринчиден ата-энеме мени даярдаган Жаныл эжеме, жалпы мугалимдер жамаатына, классташтарыма жана колдоп келген күйѳрмандарыма чоӊ ыраазычылык билдирем. Таймаш ѳтѳ кызуу болду, атаандаштар да абдан күчтүү экен аны жыйынтыктан билсениздер болот»,- деп атаандаштарынан 0,2 упай алдыда болуп биринчи орунду багындырганын айтты.
Түркмѳн орто мектебинин орус тил мугалими Жаңыл Асанбекова таймаш боюнча ѳз сѳзүн айтты: «Менин оюмча бул радиовикторинага катышуу, бул ар бир окуучуга чоӊ стимул берет, келечеги үчүн кѳптѳгѳн жетишүүсүнѳ чоӊ бир тепкич болот деп ойлойм. Айта берсек, бул парламент ар кылдуу болуп жатпайбы, ар бир окуучу ѳзүнүн билимин текшерет жана ошондой эле таланттарын кѳрсѳтүшѳт, ар бир кырын чыгарат деп айта алам. Бул таймашка биз эки айдан ашык, жана сабактар бүткѳндѳн кийин кечки 6-7ге чейин даярданган күндѳр болду. Окуучумдан мынчалык ийгиликти күткѳн эмесмин, окуучум мени абдан канаттандырды баарына чоӊ рахмат»,-дейт.
Таймаштан 2-орун алган Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Амантаева Каныкей ѳз ою менен бѳлүштү.
«Бүгүнкү таймаш абдан кызыктуу ѳттү, жада калса эфир учурда окуучулар ыйлаганга чейин барышты. Татыктуусу жеӊди, таймаш кызуу жүрдү, бир канча упайлардан эле айрыма болуп калды. Мага бул сынакка катышууга маданият министри жана премьер министр жардам беришти. Азыр биринчиликке жетпей калдым, анча деле ичим ачышкан жок, себеби, былтыр Жогорку Кеӊешке барып келгем татыктуусу жеӊсин»,-дейт.
Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты, жайыт комитетинин башчысы жана бул сынактын калыстар тобунун төрагасы Зоодан Асаналиев ѳз ою менен бѳлүштү:
«Бүгүн ѳзүӊүздѳр кѳргѳндѳй Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү беш мектептин мыкты деген президенттери келип катышышты, албетте, даярдыктары мыкты, анткени быйыл 3-сезонду аяктап атабыз. Ушул 3 сезон ичинде мурунку жеӊүүчүлѳр бар. Мисалы, Тунук орто мектебиндеги Авазбек кызы Айзат мурда да жеӊүүчү болуп биринчи орунду алып кеткен. 1-Майдан Амантур да биринчи орун алган жана ошондой эле Кожомкул айылынан Каныкей да биринчи орун алган кыз. Бүгүн мыктылардын мыктысы таймашышты десем жаӊылышпайм. Бүгүнкү таймаш ѳтѳ эле чоӊ атаандаштыкта ѳттү. Башка кишиге оӊой кѳрүнүшү мүмкүн, ушулар кандай жооп берип жатат баа бериш ѳтѳ кыйын. Канчалык деӊгээлде кыйын экенин бул калыстар тобу билет».
Быйылкы окуу жылына карата радиовикторина жыйынтыкталды. Апрель айынын аягында бардык жеңүүчүлөр демөөрчү тарабынан уюштурулган Жогорку Кеңешке маалыматтык турга барышат. Долбоордун демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты, Суусамырдын туруктуу демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев.
Даярдаган: Гүлзар Сарымсакова, Толгонай Самудинова