Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 74 жаштагы тургуну Акаева Турсункан 20 жылдан бери конок үйү менен алектенип, жаштарды билимдүү, эрктүү болуусуна үндөп келет.
Турсункан Акаева мейманкана ээси
Конок үйү
Турсункан Акаева: «Абышкам экөөбүздүн турмуш курганбызга быйыл 54 жыл болуп 55 жылга кетет. Тогуз балабыз бар 5 уул 4 кызыбыз бар. Бардыгы жогорку билимдүү келиндерим да, жогорку билимдүү ошолордун билим алганына өзгөчө көңүл бурдук. Ушулар дипломдуу болсо анан жакшы иштешип эл керегине жараган жакшы уул кыздар болсо деп тиледик.
74 жаштамын абышкам экөөбүз тең жогорку билимдүүбүз. Абышкам болсо партиялык советтик кызматтарда иштеген. Мен болсо өмүр бою мектепте иштеп, физика математика мугалимимин. Пенсияга чыккам, пенсияга чыккандан кийин ушул идея туура болуп калды. Себеби Ат -Башы районунда «Акөк» деген Швейцарииялык проект бар болчу, ошондо аялдар темасында аялдар менен иштеген адис мага сунуш кылды. Жеңе сиз ушул жерде туристтер менен иштеңиз колуңуздан келет деп. Ошондо сунушу менен иштеп калдым.
Ат Башынын өзүндө жана «Ташрабат», «Көл-суудан» башка «Босого»деген жакшы жерлер бар. Кожожаш киносун тарткан «Селкинчек» жайлоосу бар. Ушулардын бардыгына туристтер кызыгып келишет. Абдан жакшы бул эле Ат -башынын ичинде токойлор бар мына Арча- кайыңдын төрүндө шаркыратмалар бар.
Азыр туризм көп көтөрүлүп жатпайбы, анан ошол семинарларга катышып турабыз. Рекламалар кетет интернет аркылуу байагы келген туристтерге кандай кылып Кыргыздардын салтын көрсөтүү боюнча темалар бар. Кол өнөрчүлүк темалар бар ошолорду кызыккандар келип, аларды көрүп журналдарга чыгарган мезгилдери болду. Атайын тартып кетип, ушул Ат башыда көпүрө курулуп жатканда туристтер аябай көп келип Борбордук Азиядагы китепке биринчи бетине тартып кетишкен.
Жаш муундарга мен эң биринчиден баарын билим алганга үндөйт элем. Себеби, билими жок карапайым түшүнүгү жок адам менен, билими бар адам асман менен жердей айырмасы болот. Билимге умтулгула деп үндөйт элем, эркинер күчтүү болсун жана көздөгөн максатыңарга аткарганга алдыңарга максат койгула. Ошол максатка жеткенге аракет кылгыла деп үндөйт элем», -деп өз сөзүн аяктады Турсункан Акаева.
Гулназ Жумагулова
Айдеми Барыктабасова