Кыргыз элине белгилүү болгон «Соң-Көл» көлү кимди гана суктандырбайт. Жайкысын көз жоосун алган бул жерге нечендеген туристтер келип, эс алып кетишет. Аны менен катар жайлоого чыккан малчылардын саны да барган сайын арбып барат. Алардын натыйжасында көл, көлдөгү балыктар, жайыттар, өсүмдүктөр, канаттуулар күндөн-күнгө жабыркап бара жатат.
Андыктан «Соң-Көл баяны» подкастыбыздын 6 бөлүгүндө сиздер көлүбүздү, андагы сейрек кездешкен, ал гана эмес жоголуп бара жаткан канаттуулар, өсүмдүктөр жөнүндө маалыматтарды уга аласыздар. Подкастыбыздын 1-бөлүгүндө Каратал-Жапырык коругунун кызматкери Айнура Асанова жалпы көл жөнүндө, Рамсар конвенциясы деген эмне, ага көлүбүз эмне үчүн кирген деген суроолорго жооп берип маектешмекчи. Подкасттын негизги максаты: Жаратылышка аяр мамиле жасоо, «Соң-Көлдү», андагы жоголуп бара жаткандарды сактап калуу!
Медина Максат кызы