Кочкор жергесинде комуз күнү белгиленди. Кочкор райондук М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин устаттары жана окуучулары белгилүү күүлөрдү жаңыртып, келген көрүүчүлөргө майрамдык концерт тартуулашты.Ошондой эле Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде мугалим жана ата-энелерге окуучулар чакан концерт уюштуруп беришти.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев келген конокторду «Комуз күнү» менен куттукап кетти
М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин директору Бермет Абдырахманова
Залкар комузчу,обончу Зайнидин Иманалиев күү чертип жаткан учуру
Комузчулар тобу күү чертип берип жаткан учуру
Майрамдык концерттеги кичинекей бийчилердин өнөрү
Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин окуучуларынын «Маш ботой» күүсүн аткаруу учуру
Канайым Мирланова