10-январда өтө турган президенттик шайлоо Кыргызстан үчүн катаал мезгилде өткөнү жатат. Бул туурасында “Жалпы иш” коомдук фонду узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен бөлүшүп жатып билдирди. Президенттик шайлоого карата байкоо 2 айга созулган.
Экономикалык кризис дүйнөдө күчөп жатат. Анын таасирин Кыргызстан дагы кескин түрдө сезип жатат. Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда дагы да жүрүп жатат. Мындан тышкары, биздин өлкөдө саясий абал оор деп айтууга болот дейт “Жалпы иш” коомдук фондунун өкүлү Арсланбек Өмүрзаков.
“Бийлик иштеп жатат. Бирок, саясий кырдаал бир топ суроолорду жаратууда. Биздин иликтөөбүзгө ылайык, бир топ мыйзам бузуулар ачыкка чыкты. Мыйзам бузуу боюнча түшкөн арыздарды биз 3 топко бөлдүк. Алсак, шайлоочулардын добушун сатып алуу, үгүт иштерин жүргүзүүдөгү эрежелерди бузуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууга тоскоолдуктарды жаратуу боюнча экендигин кѳрсѳттү.”
2020-жылдын 17-декабрынан баштап “Жалпы иш” коомдук фондуна узак мѳѳнѳттүү байкоочуларынан мыйзам бузуулар жөнүндө жалпысынан 53 маалымат түшкөн. Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жѳнүндѳ 31 учур, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө 15, шайлоочуларга кысым кѳрсѳтүү жана коркутуу жѳнүндѳ 7 маалымат түшкөн.
№2 форма боюнча добуш берүүнү жокко чыгаруу алдыдагы шайлоонун ѳзгѳчѳлүгү болуп саналат. 2021-жылдын 10-январында №2 форма менен чет мамлекеттерде гана жашап турган шайлоочулар добуш бере алышат. Альтернативдик вариантты киргизбей туруп, шайлоо дарегин ѳзгѳртүү механизмин жокко чыгаруу жѳнүндѳ чечимди кабыл алуу менен 300 миң жарандын шайлоо укуктарынан ажыратып койгондугун «Жалпы иш» коомдук фондунун төрайымы Аида Сүйүнбаева белгиледи.
“Бул шайлоо кампаниясы өтүп бүткөн соң, тез аралыкта ичики мигранттар шайлоо процесстерине кантип катыша алаарын иштеп чыгуу зарыл. Бул үчүн кандайдыр бир механизм болушу керек. Же болбосо №2 формасын кайтарып, бирок аны алуу шарттарын татаалдаштыруу абзел.”
“Жалпы иш” коомдук фонду БШКнын иши ачык жана белгиленген процедуралардын алкагында жүзөгө ашырылып жатат деген көз-карашын билдирди. Аны менен бирге, айрым территориялык шайлоо комиссияларынын ишинде, айкын эместик, жеткиликсиз камсыз болгону жана санитардык ченемдер боюнча кемчиликтер бар экендигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган коомдук фондун учурдагы ишмердүүлүгүндө президенттик шайлоого гана байкоо жүргүзүлүп, референдумга байланыштуу изилдөө жүргүзүлгөн жок. Байкоо жүргүзүү иштерине 58 узак мөөнөттүү байкоочулар тартылган. 8 координатор алардын ишин көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, 5 юрист БШКнын ичинде шайлоого даярдык кандай жүрүп жатканын изилдеп, карап жатат аталган фондун өкүлдөрү.
Шайлоодон кийинки саясий абалга айыл тургундары кандай баа берип жатат
Шайлоо комиссиянын төрага катчылары окутуудан өтүштү
Касиет Кубанычбек кызы