Пандемиянын кесепетинен элеттеги көптөгөн социалдык инфрастуруктуралардын курулуш иштери кечеңдеди. Курулуш иши ортолоп калган мектептердин, бакчалардын, ФАПтардын жумуштары токтоду.
Талас районунун Кара-суу айылында ушул күнгө чейин бала бакча болгон эмес, 2015-жылы айылга биринчи жолу бала бакчанын пайдубалы курулуп, мамлекеттик түрткү берүүчү гранттан каржыланып курулуш иши башталган. Бирок, каражат жетишпей, бакчанын курулушу токтоп, “Бакубат Талас” фондусу жардамга кол сунуп, курулуш иштеринин илгерилөөсү үчүн 3 миллион акча каражатын бөлгөн эле. Ошентип, айыл өкмөттүн өздүк салымы, “Бакубат Талас” фондусу жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен жалпы суммасы 7 миллион сомдон ашкан бакча салынып бүткүчө айылдыктар 5 жыл күтүштү.
Жаңы жыл алдында айылдыктарды сүйүндүрүп, “Бермет апа” атындагы бала бакчанын ачылышы болуп, Кара-Суулуктар жапа тырмак катышты.
«Кара-Суу айылы чоң айыл. Анан калса Талас шаарына жакын болгондуктан Таласка барып-келип иштеген айылдыктар арбын. Андыктан 70 орундуу бакча айылдын балдары үчүн тардык кылат. Жакынкы жылдарда бакча дагы кеңейтилиши керек», -дейт облус жетекчисинин орун басары Кыял Жанузакова.
Жаңы, жылуу, бардык шарты бар заманбап бала бакчага Кара-суу айлындагы алгачкы мугалимдердин бири Бермет Шадыканованын ысымы ыйгарылды.
“Бермет апа” бала бакчасы облустагы 67-бала бакча болуп, жаңы жыл алдында айылдыктар үчүн чоң белек болду. Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан жаңы бүткөн бакчага эмеректер, төшөнчүлөр, идиш аяктар жана башка керектүү жабдуулар алынып берилди. Ошондой эле бакчанын курулушуна жана аны жабдууга элдик салымдардан түшкөн каражаттар дагы чоң жардам болгонун белгилей кетсек болот.
“Бермет апа” бакчасына удаа Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы бала бакча пайдаланууга берилди. 25 жылдан бери каралбай, жабык турган бакчаны ремонттоп, ишке берүү маселеси мындан 6 жыл мурун көтөрүлүп, АРИС программасы, “Бакубат Талас” фондусу жана айыл өкмөтү тарабынан каражат бөлүнүп, заманбап шартта кайрадан реконструкцияланган бала бакчанын ачылуу аземине КР Өкмөтүнүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, райондун акими Замир Сыдыков, аксакалдары катышып, бакчанын кызыл лентасын кести. Бала бакчага Баткен коогалаңында Мекен үчүн курман болгон Кара-Ой айылынын тургуну Жакып Молдосановдун аты ыйгарылган. Төрт айылды камтыган Бекмолдо айыл аймагында союз учурунда салынган эки эски бала бакча бар, анын бири ушул Ж.Молдосанов атындагы бакча болду. Тилекке каршы, союз тарагандан кийин айыл өкмөтүндө бир дагы бакча курулган эмес.
Талас облусу боюнча жаңы курулуп жаткан бакчалар тууралуу кеп козгосок Кара-Буура районундагы Көк-Сай жана Аманбаев айылдарында дагы жаңы бакчалардын курулуш иштери жүрүүдө.
Талас: “Ак калпактагылардын” арыз-арманы
Мира Сейдикеримова