Көпчүлүк адамдар жыл жаңырары менен жаңы максаттарды жана амбициялуу пландарды коет. Бирок, жыл жыйынтыктай келгенде коюлган максаттардын көпчүлүгү кагаз бетинде гана жашап калат. Төмөндө максатка жетүүгө тоскоол болгон беш негизги катаны талдап, узак мөөнөттүү пландарды туура түзүүнү айтып беребиз.
Узак мөөнөттүү план түзүүдө эң көп кездешкен каталардын бири – көп нерсени пландоо. Убакытка ачкөздүк менен карап, көп нерсени жасап жетишкибиз келет. Бирок, ортодо айрым максаттарга кызыгуу кетип же энергия жетпей калат. Чындыгында, ийгиликти — аткарыла турган иштердин узун тизмеси эмес, ар бир максат үстүндө үзгүлтүксүз иштөө гана камсыз кылат.
Кээде адамдар башка адамдардын күтүүлөрү жана стереотиптеринин таасири астында максаттарды коюшат.
Мисалы, сизге чуркоо жагат. Анын артында дени сак болуп, чымыр денеге ээ болууну каалайсыз. Ал эми тааныштарыңыздын марафонго, мелдештерге катышып, медалдары бар сүрөттөрүн байма-бай социалдык тармактарга жарыялап туруусу сизди өз максатыңыздан адаштырат. Мындан улам, кадимки чуркоо сиз үчун кызыксыз болуп, марафонго катышууну пландайсыз.
Бул максатка жетесизби? Кыязы, жок… Анткени, ал сиздин чыныгы максатыңыз эмес, болгону кызыгууңуз. Андыктан, сизге жылдагы пландардын тизмесин жакшылап изилдеп чыгып, көзүңүздү күйгүзбөгөн нерсенин бардыгын сызып салууну сунуштайбыз.
Дагы башка жагдай бар. Мисалы, канча жылдан бери англис тилинде эркин сүйлөөнү кыялданып келесиз. Эмнеге дегенде, көпчүлүк англис тилин билет жана перспективдүү деп эсептейсиз.
Бирок эмнегедир кыялдар ордунан жылбайт. Эмне үчүн керек болуп жаткандыгын так айтууга аракет кылыңыз. Мисалы, англис тилин жогорку деңгээлде билүү сиздин кызматтан көтөрүүлүүңүзгө же кызыктуу долбоорго катышууңузга мүмкүнчүлүк берет. Мындай реалдуу жооптор гана сиздин кыялды максатка айлантууга, аны ишке ашырууга жүйөлүү себеп болуп берет.
Кыялдар абстрактуу. Алар аткарылышы күмөндүү жана бул сизден көз каранды. Мисалы, сууда сүзүүнү үйрөнүү — кыял. Бул азырынча конкреттүү эмес, анын мөөнөтү жок… Мындан улам, көпчүлүк адамдар кагаз бетине түшүргөн пландардын узун тизмесин бир гана кыял деп баалоого болот.
Кыялды кантип максатка айлантууга болот?
Аларды максатка айлантуу үчүн SMART ыкмасы бар. Ал үчүн ар бир кыялдын төмөндөгү 5 критерийге жооп берүүсү маанилүү:
specific — конкреттүү
measurable – өлчөнүүчү
attainable — ишке ашыруу
realistic — реалдуу
time-bound — убакыт менен чектелген
Мисалы, SMART ыкмасы менен түзүлгөн максат төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
Чоң максаттар көп учурда жарга такайт. Биринчи кезекте эмне менен күрөшүү керектигин түшүнбөйбүз. Максаттарды глобалдуу коюп алабыз жана биздин карамагыбыздагы 12 айды — 12 жылдай элестетебиз. Мындай ой жүгүртүү – создуктуруучу аракеттердин бири экенин эске алуу зарыл.
Максаты бар адам, убакыттын абдан тар экенин аңдап түшүнүү керек. Бирок, “убакыт – тар” деген айлангөчөккө кирип, стресске кабылбоо үчүн болгону максаттарды төмөндөгүдөй бешке бөлүңүз:
чейрекке- айга-жумага -күнгө-саатка
Мындай кадам менен, сиз күн сайын эмне кылам деген тизмени түзө аласыз. Ошол эле учурда, сиздин бүгүнкү күндөгү иштериңиз ойдон чыгарылбай, глобалдык пландардан улам келип чыгып, алардын аткарылышын жакындатат.
Дагы бир көп кездешкен ката – бул бир күндү гана эмес, толук бир жылды күнүмдүк иш менен өткөрүү. Жыл башында жакшы эле колго жаңы блокнот жана калемсеп алып, жаңы жашоону жана максаттарды жазабыз. Бирок, жыл ичиндеги 365 күндүн дээрлик 90% ошол максаттарды ишке ашырууга эмес, күнүмдүк оокаттарды бүткөрүүгө коротобуз.
Бул катанын себеби: маанилүү иш жана экинчи пландагы иштерди түшүнбөгөндүктөн келип чыгат. Экинчиден, планды максатка карай жол катары эмес, өз убагында жасала турган иштердин тизмеси катары гана кабыл алуу менен байланыштуу.
Ишкер айымдар үй бүлөлүк бюджетти кандай пландайт?
Жеке каржы планды кантип түзүү керек?
Касиет Кубанычбек кызы