2020-жыл ичи коронавирус илдети менен алышып, көпчүлүк эл катуу кыйналды. Соодагерчилик токтоп, ишкерчилик жайлап, үйдө камалып карантинде жаткан кыйын кезеңди баштан кечирген Талас шаарындагы “Ак калпак” жаңы конушунун тургундары дагы бир көйгөйгө дуушар болушканын айтып, арыз-армандарын катка жазып, облус жетекчиси Айбек Бузурманкуловга кайрылышкан.
Талас шаары менен Кең-Арал айыл аймагынын ортосундагы айдоо жерлерге акыркы жылдарда анда- санда салынган жаңы үйлөр пайда болду. Бул жаңы конушта жашагандар айыл чарбасы үчүн берилген жерлерге өз алдынча үй салып, турукташып алышкан. Жер шаар аймагында болгон менен Талас районунун А.Нуржанов айыл аймагына тиешелүү. Жаңы конушка Айбек Бузурманкулов А. Нуржанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы менен бирге келип, тургундардын көйгөйүн жеринде көрдү.
Айыл аймагына караштуу жер ушул күнгө чейин трансформациялана электигине карабай, кимден, кандайча уруксат алып үй салганы белгисиз 10 үй- бүлө турак жай куруп жашап жатышат. Айыл өкмөттөн кандайдыр бир жолдор менен жер алып, өзүм билемдик менен үй салып алышкан жаш үй- бүлөлөр электр чубалгыларын да өзүм билемдик менен тартып алышкан. Ошондуктан, уруксат уурдап алынган электр энергиясы жарытылуу жарык бербейт.
«Элдерде электр шаңкайып турса, биздин үйлөрүбүздө электр энергиясы чырактай эле жарык берет, суу жок, документтерибиз бүткөн эмес. Жыргап кеткенибизден бул жерге үй салып жаткан жокпуз. Баары жер жоктугунан. Жер болсо Талас ичинде өтө кымбат. Баасы Бишкектикине эле барабар. Айлабыз кеткенде облус башчысына кайрылууга туура келди. Биздин көйгөйүбүздү угуп, көрүп карап бериңиздер. Жерди саткандан кийин айыл өкмөтү жооп берсин. Документин бүтүрө албаса эмгеге жерди бизге бөлүп берет», -дейт “Ак калпак” жаңы конушунун жашоочусу Гүлбарчын Андабаева.
“Пандемия учурунда дагы балдар үчүн иштей бердик”
Мира Сейдикеримова