Коомдогу калыптанып калган стереотиптерден улам үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо, аларга кам көрүү көбүнчө энелердин жоопкерчилигине айланып, аталар дээрлик бала тарбиялоо ишине катышпай калган учурлар көп кездешет. Бирок бала тарбиялоодо атанын орду маанилүү экендигин, тарбиянын ар бир этабында аталардын катышуусу керектигин адистер эскертип келишет.
Элеттик жашоочулардын айтымында үйдө аталар көбүнчө айыл чарба иштери, кара жумуш менен алектенгендиктен, балдарга көңүл бурууга убакыты жетишпей да каларын белгилешет.Бул тууралуу Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин мугалими, Самат Аргымбаев өз оюн айтты:Балдардын билим алуусунда , курак өзгөчөлүгүнө жараша өсүүсүнүн ар бир этабында аталардын катышуусу маанилүү. Каарманыбыз Самат Аргынбаев баласынын чоңоюп жаткан этабында ар бир коз ирмемди чогуу өткөрүүгө аракет кылат:
«Эми азыркы биздин уулубуз Кудай буйруса биринчи класска барат жаңы окуу жылында анан жаңы окуу жылында буйруса ата катары чогулуштарга балабыздын ар кандай мектеп иш чарасына ата катары катышканга биз даярбыз. Бул деген кадимкидей туура эле көрүнүш болуш керек анткени жалаң эле энелерге түртө салуу бул туура эмес деп ойлойм ата дагы баланын кыздын тарбиясына ар тараптуу турмуштагы шарттарына баардыгына көмөк көрсөтүүгө милдетүү болуп эсептелет. Негизи эле чоң мааниси бар жашоодогу ролу өтө чоң эсептелет себеби бала тарбияланып жатканда өспүрүм куракта кичинекей чагында болобу ошол атанын дагы эненин дагы анын жашоосундагы оорду чоң экендигин белгилеп ага түшүндүрүп журөгүнө кандайдыр бир жакшы элестерди тарбиялык максатта көрүнүштөрдү көрсөтүгө милдетүүбүз.»
Самат Аргымбаев уулу Эмир Саматов
Психолог Бактыүл Кубатбекова үй-бүлөдө атанын милдети каражат менен камсыздоо гана эмес, балдар менен бирге убакыт өткөрүү, алардын жүрүм турумуна маани берүү жана үлгү көрсөтүү керек экенин айтты:
Психолог Бактыгүл Кубатбекова.
“Үй-бүлөдө атанын да, эненин да өзүнчө аткарган кызматы, ролу бар. Себеби ата-эне баласы үчүн коомдук ролдорду аткара турган жүрүм-турум моделин көрсөтөт. Ата балдарына сырткы чөйрө менен мамиле түзүүнү, келечекти пландаштырууну, ички тартипке үйрөтөт, ошондой эле ата укум-тукум менен болгон байланыштын өкүлү болгондуктан, руханий баалуулуктардын алып жүрүүчүсү катары балдарга үлгү болот. Ата келечекте кесип тандоого, билим алууга, ойлоп табууларга багыт берүүчү катары баласынын жашоосунда маанилүү роль ойнойт.
Үй-бүлөдө туура мааниде атанын авторитети болсо, үй-бүлө тартиптүү, ыймандуу болот. Ата сөзсүз түрдө эне менен катар бала тарбиясына активдүү катышуусу керек. Атанын функциясы акча табуу, үй-бүлөнү камсыздоо менен эле чектелбейт. Бул туура эмес түшүнүк. Ата балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кылып, жумасына 1 жолу бала атасы менен эс алуудабы, үй чарбасындабы, айтор бирге убакыт өткөрүүсү керек.
Мектепте билим алуусунда балдардын жетишкендиги, кемчиликтери, кыйынчылыктары тууралуу аталардын кабардар болуп, мектеп менен тыгыз байланышта болуусу маанилүү. Жалгыз гана энелерге жоопкерчилик жүктөп койбостон, милдеттерди аталар тең бөлүшүшү керек.
Хамида Каримова