Жаштар арасында турмуш куруу алдында бир топ суроолор жаралат. Алар үй-бүлө кургандан кийин тил табыша албай эки ара жолго түшүү маселесинен чочулашат. Андыктан психолог Алтынай Кариева үй-бүлө куруу алдында эске алчу жагдайларга токтолот.

Көп чет өлкөдө турмуш куруу алдында атайын курстарга барып кыз дагы бала дагы өзүн даярдайт. Ал эми бизде андай болбогондуктан ар бир адам өз алдынча деле көңүл бурушу керек. Бул 3 багытта жүргөнү туура деп ойлойм. Ал физиологиялык, психологиялык жана өзүнүн үстүнөн иштөө.
Үй-бүлөнү пландоо
Үй-бүлө куруу чечими жашоодо маанилүү чечимдердин бири. Ошондуктан бул суроого өтө кылдат мамиле кылуу керек. Азыр жаштар бул суроого жакшы мамиле кылышып даярданышат. Бирок, кээ бир учурларда жашым өтүп барат деп же ата-энеси жакындарынын шаштырганынан дагы турмуш куруп алгандар жок эмес. Бул туура эмес.
Эмне үчүн турмуш курууну чечкениңизди аныктаңыз
Анын ичинде:”анткени жашым келип калды”, “туугандар айтып жатышат”, “мынча жашка чейин турмуш куруу керек”-деген сыяктуу пикирлер болбошу керек. Булар сиздин турмуш жолуна даяр эмес экениңизди түшүндүрөт. Анткени дагы деле сизге эмне маанилүү экенин, тандооңуз кандай экенин аныктабай айлана-чөйрөнүн пикиринен көз каранды болуп жатасыз.
Ачык сүйлөшүү
Турмуш курууда кеңири тараган каталардын бири эки жаш таанышып, сүйлөшүп баштаганда болочоктогу жолдошу же жубайына өзүн идеалдуу көрсөткүсү келгени. Бул учурда бири-бирине карама-каршы пикир айткысы келип жатса дагы көз жумуп коюу(жаман көрүп калбасын деген ойдо аны айтпай коюу). Башкача айтканда чыныгы жүзүн көрсөтпөстөн мамиле куруу болуп саналат.
Психологиялык жактан кандай учурларга көңүл буруш керек?
Мисалы сүйлөшүп жүргөн учурда эле адамдын эркиндигин чектеп, достору же курбу кыздары менен жолукканга каршы болуп, андай кылба, мындай кылба, бул адам менен сүйлөшпө, мындай же тигиндей кийинбе деген сыяктуу сөздөрдү айтып баштайт. Бул абалды көп учурда романтика менен алмаштырып мени кызганып жатса, демек сүйөт деп ойлоп алышат. Чындыгында бул андай эмес. Бул адамдын эркиндигин чектөө экенин билүү керек.
Кандай сөзүнө турат же экөөңөрдүн баалуулуктарыңар туура келеби бул дагы өтө маанилүү.
Мүнөзгө көңүл буруу керек
Эгер болочоктогу жарыңыздын сизге жакпаган мүнөзүн же адатын байкасаңыз “кийин андай болбой калат”, “турмуш кургандан кийин оңолот” же кийин тарбиялап алам деген такыр туура эмес. Тарбиялап алгандай ал сиздин кызыңыз же балаңыз эмес. Ошол үчүн аны кандай болсо ошондой кабыл алыңыз же мамилени токтотуңуз.
Айгерим Кубатбекова