Өткөөл курактагы балдар менен бир бүтүмгө келүү бир топ түйшүк жаратып, ал гана эмес айрым убактарда ата-эне үчүн көйгөй болуп келет. Бул мезгилде бала менен улуулардын ортосунда эмне себептен пикир келишпестиктер жаралат? Муну кантип жөнгө салууга болот?
Негизи өткөөл курак бүгүнкү күнгө чейин 12-15 жаш аралыгы деп айтылып келсе, учурда тастыкталган илимий изилдөөнүн жыйынтыгында бул курактын жашы 9жашка түштү деген маалыматтар бар. Психолог Сумая Асанова өткөөл курактагы балдар менен кандай мамиледе болуу сунушталат жана алардын психологиялык өзгөчөлүктөрү туурасында айтып берет.
Эгерде ата-эне бул жаш куракка чейин баласы менен сырдашып аны менен жакын мамиледе болбой баласын жакындан тааныбай турган болсо, өткөөл куракта бала менен тил табышуу оор болуп калат. Анкени, балдардын бул куракка чейинки мезгили өтө маанилүү. Балдардын психологиялык жаш курагы боюнча алып караганда деле алар ата-энеге муктаж болгон учуру болот. Бул балалык мезгили. Ошол учурда алар көбүрөөк ата-энеси менен болууну, алардын мээримин каалашат. Азыр бизде көбүнчө үй-бүлөлөр бала кичинекей кезде эч нерсе билбейт бутка туруп алалы деп, баласын башка бирөөлөргө каратып коюп иштешет.
Бул учур баланын калыптанып жаткан мезгили. Ошол мезгилде анда жаракалар пайда болбошу керек. Ошондуктан сууну дагы чаңкап турганда ичкендей, балага дагы ата-эне керек болуп жаткан учурда өз убагында мээрим төгүп таанып алуу маанилүү. Убагында балага туур багыт көрсөтүп суроолору жоопсуз калышына жол бербөө керек.
Гүлгө дагы кам көрүүдө ага жетиштүү күндүн нуру, суу берилгенде жагымдуу шартта гана өсүп гүлдөгөндөй. Бала дагы ага канчалык мээрим, сүйүү, камкордук көрүлүп жатканда жакшы өсөт. Атаны күндүн нуру деп элестетсек, апа күнүгө куюлуп туруучу суу катары белгиленет. Ошол эле учурда экөө бирдей болгондо гана натыйжалуу болот. Мындан улам өспүрүм куракка чейинки аралыгы өтө маанилүү экенин эстен чыгарбайлы.
Өткөөл курактагы балдар бул учурда балдар колективине баш ийген мезгили болот. Туугандардын, улуулардын, ата-эненин сөзү таасир этпейт жөн гана өзүнүн чөйрөсүнүн сөзүнөн чыкпай аны туура деп эсептеп жашашат.
Азыр көпчүлүк балдар өзүнүн жакынкы чөйрөсүндө балдар менен достошпойт. Бирок, технологиянын негизинде социалдык тармактар аркылуу чет жерден дос күткөндөр толтура. Бул эмненин белгиси? Уюлдук телефонго болгон көз карандылык. Качан балада мындай болот? Үй-бүлөдө ага жетиштүү көңүл бурулбай, өзү менен өзү болуп калганда. Бош убактысы көп болгондуктан телефонго көбүрөөк көңүл буруп ага болгон көз карандуулук пайда болот
Мурда ата-эне конокко барабыз дешсе үйдө канча бала болсо бары мени деле алып барыңызчы деген учурлар көп кездешчү. Ал эми тилеке каршы учурдун балдары үйдө жалгыз калууну тандашат. Эмне үчун аны тандайт? Анткени, жалгыз калганда эркин технологияны колдонуп, өзунун гаджеттери менен калат. Мындан улам алардын сабакка болгон кызыгуусу дагы төмөндөп кетти.
“Балдар улуу кишилерди түшүнгөнгө милдеттүү эмес, анткени алар чоң киши болуп көргөн эмес. Ал эми улуулар болсо, жаштарды түшүнө алат. Себеби, биз бала болуп көргөнбүз”-Сумая Асанова
Адам баласынын жашоосунда эң оор курак бул- өткөөл курак. Бул учурда балдар өздөрүн чоң кишидей алып жүрүүнү каалашат ошол эле учурда жаш бала дагы болуп кетишет. Балдар дагы бул мезгилде толук кандуу улуу киши эмес же жаш бала эмес болуп, физиологиялык жактан дагы өзгөрүүлөргө туш келгендиктен стресске туш болушат.
Өткөөл курактын мезгилинде жашап жаткан балдар спорт менен машыкса көбүрөөк жакшы болот. Болгон энергиясы спортко сарпталып өткөөл курак жеңил өтүү үчүн физикалык кыймыл талап кылынат. Гаджеттерге болгон көз карандылыкты жоюнун алгачкы кадамдары болмок.
Ата-эне бала менен жетиштүү деңгээлде сырдашып калбаса, ал мындай адамды сырттан издей баштайт. Ал учурда баланы кайра кайтаруу кеч болуп калат. Ошондой эле кыздар менен дагы туура сүйлөшүү маанилүү. Алар бирөөнү жактырып калдым десе. “Сага сүйүүнү ким коюптур, азыр жашсың”- деп алардын сезимдерин жаап салганга аракет кылган ата-энелер көп. Мындай учурда кыз дагы өзүнүн сыры менен бөлүшүүнү токтотуп коет. Эгерде бала чоң адамдай сүйлөп жатса ага ошого жараша жооп берүү керек.
Сын пикир туура айтылбай калган учурда аларда өзүн кабыл албоо, өзүнө болгон баалоо, сүйүүнүн жоктугу пайда болуп. Бала өзүн бир нерседен кемтик сезип, түнт боло баштайт
Адистер бала тарбиялоонун жөнөкөй бирок натыйжалуу жолдору менен бөлүшөт
3 жаштан кийин кеч болот же бала тарбиялоого 9 кеңеш
Айгерим Кубатбекова