Карьерамды кургум келет. Бирок, жолдошум жана кайын журтум каршы деген келин психологдон кеңеш сурап kyrgyzmedia.kg ге кайрылган. Анын жазган катына анонимдүүлүк шартын сактоо менен психологдон акысыз кеңеш алып бердик.
Бактыгүл (аты-жөнү анын суранычы менен өзгөртүлдү):
Мен Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын биринде билим алдым. Кесибим боюнча котормочу болом. Өзүм бала кезден эл аралык компанияларда иштегим келчү.
Университетти бүтөрүмө бир жыл калганда жолдошум менен таанышып турмушка чыккам. Окуунун акыркы жылын барды келди болуп жүрүп, эптеп бүтүрдүм. Турмушка чыкканга чейин жолдошум окууңду бүтөсүң, сарсанаа болбо деп айтчу. Бирок, окуп жүргөндө мага кайын журтум ачык айтпаса да жолдошума окубай эле койсун дегенин байкап калчумун. Колума дипломду алгандан кийин эле, балалуу болдук. Жолдошума жумуш жөнүндө айтсам, 1-2 жыл кое тур, балабызды ким карайт деп койчу.
Эми балабыз үчкө чыгып, бала бакчага барат. Жолдошум иштебей эле кой десе, кайын энем үйдөн нан жасап, магазиндерге өткөр. Ушундай кылсаң балаң да каралат, үй жумушу да бүтөт, акча да табасың дейт.
Мен болсо, өзүмдүн кыялымдагы кесипте иштегим келет. Ачыгын айтканда, үйдөн нан жасап акча таба турган болсом, университетте окубайт элем деген ичимде эч кимге айта албаган таарыныч бар. Сиздерден кеңеш күтөм. Кантип өз кесибим менен иштеп, карьера түзө алам? Кайын журтума жана жолдошума кантип каалоомду түшүндүрсөм болот?
Бактыгүлдүн суроосуна психолог Сейил Калдыбаева жооп берди:
Сейил Калдыбаева
Саламатсыздарбы. Бул келиндин турмушка чыгып жаткандагы бирден-бир кетирген катасы, турмуш курган соң иштейби, жокпу ошону тактап алган эмес. Бирок, андан кийин бала чоңойгуча иштебей отуруп тур деген убаданы жолдошу берген экен. Демек, бул келиндин кайын энесинен мурун жолдошу чечим чыгарганы жакшы. Эгер, албетте үй-бүлөнү кайын эне башкарып жатса, анда бир аз кыйыныраак болушу мүмкүн.
Бул келин жолдошу менен бирге жашап жатканына көп эле жыл болгон экен. Андыктан, ал күйөөсү менен кайсы абалда, кандай маанайда мамиле кылса, сүйлөшүүгө ылайыктуу учурду тандап макул кылса болорун ар бир аял жакшы билет болушу керек. Ошондой учурду тандап, лекция окуп же үйрөтүп, жемелеп, таарынып жаткандай эмес, иштөө ал үчүн канчалык маанилүү экендигин, иштөөгө болгон өзүнүн дилгирлигин каалоосун ишендире тургандай сөздөрдү айтып, жолдошуна оюн, каалоосун билдиргени жакшы.
Албетте, бул сунушка жолдошу дароо макул болбосо дагы күйөөсүнүн аң сезиминде аялым иштейби же жокпу деген нейрондук байланышта маалыматты пайда кылып, аны тамактандырып туруу керек. Тактап айтканда, кулак мээсин жебей, күн сайын болбосо дагы 2-3 күндө бир, сөздүн учуру келгенде иш канчалык маанилүү экендигин айтып туруу абалды жеңилдетүүнүн жакшы жолдорунун бири. Бир канча убакыт өткөн соң, маалымат жолдошунун аң-сезиминде бышып жетилет. Күйөөсү аялынын карьерасын кылууга каршылыгы жок экендигин билдирген соң, аялынын иштей тургандыгы тууралуу чечимди күйөөсү апасына ишенимдүү айтышы керек. Эгер жогоруда кайрылган келин кайын энеси менен бирге турса жана жолдошу бул маселеде чечкинсиз болуп жатса, бул үй-бүлөнүн абалын терең билбей туруп кеңеш берүү оор.
Ушул окуядан улам, турмушка аттанып жаткан жаш кыздарга айта кетким келет: турмушка чыгаардан мурун карьера маселесин, канча балалуу болгусу келээрин, канча жыл үйдө отураарын, менин ролум кандай деген суроолорго кыз-жигит кезинде эле жооп алып, бирге чечип алганы жакшы.
Касиет Кубанычбек кызы