Сокулук районунун Жал айылындагы Мамыралиев атындагы орто мектеп- гимназиясында 16- майда методикалык семинар болду. КРнын Президентинин «2018-жылдын региондук өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» Указын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университинин кыргыз филологиялык факультетинин филологиялык билим берүүнүн технологиялар кафедрасынын окутуучуларынын катышуусунда.
Итибаева Элиза Сокулук районунун 1-май орто мектебинин география мугалими –
“Бүгүнкү Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде Сокулук районунун мугалимдеринин методикалык семинар үзүрлүү өттү. Мектеп менен жогорку окуу жайынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн жолукканыбызга кубанычтамын. Ушундай кезигүүлөр салтка айланат деген ойдомун. Динара Жолдошбековнага жана коллективине ушундай жолугушууну уюштурганына чоң ыраазычылык билдиребиз жана баардык мугалимдерге ийгилик каалайм. Себеби, азыркы заманбап китептер жана ошондой эле ыкмаларды мугалимдерге жайылтуу бири-бирибизден тажрыйба алмашуу деп түшундүм. Мени семинарга чакырганыгыздар чоң рахмат»,- деп оюн айтты.
Бектурсун Байсалбаев Кыргыз улуттук университтинин филологиялык билим берүү технологиялар кафедрасынын башчысы:
“ Президентибиздин 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деген жарлыгынын алкагында, Сокулук районунун мектептеринин кыргыз тили жана адабият, география, орус мектептерде кыргыз тили сабагынын мугалимдери менен семинар жана тренинг өткөрүлдү. Тажрыйба алмашууга шарт түзүп берген мектеп жамаатына жана райондук бир топ мектептеринен кыргыз тил адабияты, география мугалимдери келген экен. Мектептин администрациясы менен бирге атайын программага ылайык төрт жерде лекция окутулду. Мындан тышкары, география сабагын тереңдетилген деңгээлдеги окутуу боюнча маалыматты улуттук университетинин профессору Тургун Ниязов лекция түрүндө берди. Кыргыз тилин мультимедиалык каражаттарды колдонуу аркылуу окутуу, көнүгүлөрдүн түрлөрү менен иштөө боюнча доцент Сарылбекова семинар тренингине күбө болдуңар. Менин оюмча айрым бир бул убакытка чейин белгисиз маселелерге жооп таба алдыңар деп ойлоймун. Баарын жогорку деңгээлде уюштурган мектеп жетекчиси Динара Жолдошбековнага жана мугалимдерине чоң ыраазычылык билдирем»,- деди ал.
Ишеналиева Чолпон, Сокулук районунун Фрунзе №1 орто мектебинин лицейинин мамлекеттик тил боюнча завучу:
«Бүгүнкү семинар абдан жогорку деңгээлде өттү. Силердин мектебиңиздерге ийгилик каалайм, окуучуларыңар дайыма алдыда болушун, мектеп жамаатындагы мугалимдерине ден соолук каалайм, дайыма бар болгула. Ушундай жакшы, мыкты семинарларды өткөзүп жүрө бериңиздер. Албетте, бүгүнкү иш-чара өзүнүн койгон максаттарына жетти деп ойлойм»,- деп айтты.
Даярдаган: Мээрим Барманова