18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.Жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган бул майрамды 10-классынын окуучулары уюштурат. Бул тууралуу аталган мектептин 10-классынын окуучусу Нурсултан Аскарбек уулу төмөнкүчө айтат:
«От оюну жакшы өттү. 5-6-7-8-9-классынын окуучулары жагылуучу отундарды алып келишти. Бардык класстар отко тегеренип, айланып, кийин өздөрү даярдап келген өнөрлөрүн көрсөтүштү. От майрамы кечки саат 6:30 дан 8:30 га чейин уланды».Майрамга өзгөчө 11-классынын окуучулары шаңдуу, жакшы маанайда катышты.
«Отту мектепте жакшы ийгиликке жетишкен окуучулар жакты. Бүгүнкү кече бизге абдан көңүлдүү болду. Биз бул майрамды акыркы жолу майрамдадык»,-деди бүтүрүүчү Ырысбек Жумагулов.
Даярдаган: Данияр Исакбаев
Мыкты макала сынагы үчүн