Сокулук районунун Жал айылында шайлоо участкасы Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде жайгашкан. Анда шайлоого даярдык иштери жүрүүдө.
2017-жылдын 15-октябырында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү.
Айтикеева Калия шайлоо күнү оператор болуп иштейт. Дардыктар жакшы жүрүп жатканын айтат.
“Мен 7235 участкаксында урнада оператор болуп турам. Иштеген ишим жакшы, иштеп жатабыз, ишибиз туралуу улам отчёт жөнөтөбүз. Шайлообуз жакшы өтсүн, татыктуу президент келсин, балдарыбызга, элибизге, жерибизге тынчтык келсин”, — деп айтты ал.
Марс Жылдызбеков айыл өкмөт таза шайлоо өткөрүү үчүн салым кошуп жатат дейт.
“Мен Орок айыл өкмөтүндө жер боюнча иштейм. Жаңы система менен иштеп жатабыз, эсептөөчү урналар, биометрика тапшырган элдердин баары тең мына ушул апраттартардан өтүү аркылуу шайлоого катыша алат. Таза шайлоо үчүн биздин айыл өкмөт жакшы эле салым кошту. Буюрса, шайлоо тынч өтүп кетсин”, — деп оюн толуктады Жылдызбеков.
Шайлоо участкасынын төрайымы Бейшегүл Мамыралиева:
— Сарбан жана Кашка-Баш айылдарынын участогун карайм. Шайлоого даярдык жакшы болду. Азыр мектеп окуучулары тарагандан кийин компьютерлерди, эсептөөчү урналарды орнотобуз. Алдыда өтө Кыргыз Республикасынын президентинин шайлоо күнүнө саналуу күндөр калды. Өзүмдүн участкамдагы шайлоочулар активдүү келип, өз тандоолорун туура мыйзам чегинде өз добуштарын беришет го деп ойлойм.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу, Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Ууржан Молдокулов.