Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участкасынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиевдин айтымында, айылдагы оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка себептер менен шайлоого келе албаган 35 жаран бүгүн 14-октябрда алдын ала добуш берүүдө.
2017-жылдын 15-октябры — Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү. Аталган шайлоо участкасынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев мындан башка даярдыктар бүткөнүн айтат.
“Быйылкы президенттик шайлоого жаңыдан кошулган шайлоочулардын саны 50дөн ашат. Көчмө ящик менен 35 адам шайлайт. Учурда көчмө ящик менен шайлоо жүрүп жатат. Шайлоого даярдык боюнча: техникалар келген, автоматтык эсептөөчү урналар, идентификациялык аппараттар дагы даяр. Эгерде, электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, атайын генераторлор бар, ошолордун жардамы менен, шайлоо улана берет”, — дейт төрага.
Кетмен-Дөбө айыл аймагында 2 шайлоо участкасы бар: Терек-Суу жана Чоң-Арык. Терек-Суу айылында 2145 шайлоочу катталган.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы