Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин президенттери Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, “Эң мыкты президент” наамын Кожомкул айылынын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин президенти Адамаалы Бакыт уулу жеңип алды.
Бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан каржыланып жатат. Т.Конушбаев көп жылдан Суусамыр өрөөнүнүн туруктуу демөөрчүсү болуп келет. Ар бир окуу жылдын аягында отличник окуучуларга стипендия тартуулап, ар жаңы жыл майрамынын алдында белектерин тапшырат. Андан тышкары өткөн жылы Акыл Ордо сынагын каржылап, быйыл радиовикторинанын да демөөрчүсү болуп жатат.
Радиовикторинада мектеп президенттери өзүнүн иш -пландары менен бөлүшүп, ар тараптуу суроолорго жооп беришти. Катышуучуларды мектептин окуу тарбия боюнча директордун орун басарлары, ата-энелери коштоп келишти.
К.Конушбаев атындагы орто мектебинин президенти Талантбек кызы Бурулай даярдыгы жакшы экендигин айтты:
“Абдан жакшы даярдандык. Бираз толкундануу бар. Сынак кызыктуу өтөт деп ишенем.”
С. Карабеков атындагы орто мектебинин президентин коштоп келген орус тили мугалими Рахат Акишева мындай деди:
“Биздин мектептин президенти абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасап, сынакка жакшы даярданып келди. Мектептин президенти болуу бул чоң иш, ошондуктан эң биринчи жоопкерчилик болуш керек деп ойлойм.”
Сынак түз эфирде 2 жарым саатка уланып, ортосунда бир музыкалык тыныгуу менен коштолду.
Жыйынтыгында С.Мырзакматов орто мектебинин президенти 1-орун, К.Конушбаев атындагы орто мектебинин президенти 2-орун, Түркмөн орто мектебинин президенти 3-орунга ээ болду.
3-орундун ээси Наргиза сынактын жүрүшү жакшы болду деген ойдо:
“Менин бул сынакка катышканым эле чоң жеңиш деп эсептейм. Биз алыскы Кызыл Ой айылынан келип катышып жатабыз. Бул сынактан мен ойду ачык айтуу керектигин жоопкерчиликтүү болуу керек экен деген сабак алдым.”
Сынактын аягында жеңүүчүлөр ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми белектер менен сынактын бардыгы жыйынтыкталгандан кийин сыйланышат.
Эскерте кетсек, мындан ары ар бир айдын 10 числосунда мектеп парламентинин калган мүчөлөрү таймашат.
Даярдаган: Айзада Калканбекова, Зыйнат Самарбекова