Нурабаев Мирбек Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну. 33 жаштагы Мирбек айылда жеке ишкерлик менен алектенип, чакан дүкөн иштетет.
Ошондой эле айыл жаштары бош убактыларында келип ойной турган бильярд залы бар. Элге аз да болсо кызмат кылсам деген Мирбек жакындан бери өзгөчө, жалаң айнек бош бөтөлкөдөн мончо куруп жатат.
Айылдашы Мээрим Кулманбетованын айтымында, мончонун дубалы аяктап калды. Буга 11000 даана бөтөлкө кеткен. Дагы 3000дей керектелет. Ар бир бөтөлкөнү тизип, цемент менен бекитип тургузган.
Учурда суу киргизилип, бир топ жумуш аяктап калды. Бөтөлкөнү айылдын жашоочуларынан 1-3 сомго чейинки баада сатып алат.
Азырынча бул ыкманы кайдан үйрөнгөнүн сыр кылган Мирбек жакын арада бүтөрүн жана ишке берерин кошумчалады.
Даярдаган: Г. Мамытбекова