Ак-Талаа районунун 80 жылдык мааракеси үстүбүздөгү жылдын 21-22-октябрь күндөрү өтөт. Ага учурда даярдыктар көрүлүп, ар бир мекеме салым кошууга аракет кылышууда.
Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинин 80 бийчи кызы 80 жылдык салтанатта заманбап жаштар бийин бийлешет.

Ал эми бийде кийүүчү кийимдер атайын буйрутма менен тигилет. Ага ар бир кыздын ата-энеси демөөрчү болуп, каражатын таап беришет.

Кыздардын бий тобун жетектеп, мааркеге даярдап жаткан мектептин музыка мугалими А. Дөөлөтбеков “буюрса даярдык жакшы эле, бул биздин райондун намысы, ал эми намыс баарынан бийик” дейт.
Даярдаган: Кушбелдекова Ш.
Редактор: Касмалиева А
Сынак үчүн