Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде “Зыяндуу заттардан арылалы” деген темада мектеп парламенти тегерек стол өткөрдү.

Жаштар уюму А. Дөөлөтбековдун айтканына караганда, бул тегерек стол окуучулар арасында жат көрүнүштөрдү алдын алуу максатында уюштурулду.

Ал эми мектеп директору В. Мырзалымбекова “зыяндуу заттарды бүгүнкү күндө колдонуучулар күн санап өсүүдө.Бирок бул жол акыры эмнеге алып барары баарыбызга белгилүү да. Ошол себептүү өзүңөрдү сактагыла. Келечек силердики. Ошондой зыяндуу нерселерге каражатынарды коротпогула деп өтүнөт элем” деген сөзүн айтты.
Даярдаган: Ширин Кушбелдекова
Редактор: А. Касмалиева
Сынак үчүн