Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде класстар арасында “Жаратылыш жана мен” сынагы болуп өттү. Сынакта 9-класстын окуучулары жеңүүчү аталды.
Ар бир класс биргелешип жашылча-жемиштерден түрлүү нерселерди жасап көрсөтүштү. Сынактын максаты — жаратылыш менен биз кандай байланышта экенибизди кененирээк түшүнүү.
Сынакта биринчиликти 9-классынын окуучулары алды. Алардын бири Ринат кызы Малика сынактын жыл сайын өткөрүлүп тураарын айтты.
“Бул конкурска биз классыбыз менен биргеликте жашылча-жемиштерден ар кандай нерселерди жасап, колубуздан келишибизче аракеттендик. Аракетибиздин натыйжасында 1-орунга жеттик”, — дейт ал.
Жеңүүчү аталган класстын дагы бир окуучусу Адеми Саламатова өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«Биз бул конкурста жалбырактан, жемиштерден, жашылчалардан жасалган нерселерди көрсөттүк. Ошондой эле ушул тема боюнча дубал газеталар тартылып, алар жакталды. Буга чейин да ушундай конкурстар учурунда классыбыз менен артта калчу эмеспиз”, — дейт Саламатова.
Даярдагандар: Эсенбаев Самат, Дүйшөнова Альбина
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн