Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектепте 10-класстардын уюштуруусунда 17-октябрь күнү “Ак терек-Көк терек” аттуу чакан иш чара болуп өттү.
Бул иш чара тууралуу 10-класстын окуучусу, иш чаранын алып баруучусу Адилет Курманбеков буларга токтолду:
“Биз бул иш чараны 12-октябрь дүйнөлүк кыздар күнүнө арнадык. Бул оюнга эки мугалимди жана эки окуучуну катыштырып, ак терек жана көк терек деген эки топко бөлүп, окуучуларга абдан көңүлдуу маанай тартууладык. Бул “Ак терек-Көк терек” аттуу программабызды дагы уланта беребиз деп толук ишенем”.
Жана ошондой эле бул иш чаранын катышуучусу жана кыргыз тили мугалими Шайыр Иманалиева өз оюн мындайча билдирди:
“Бул оюн бизге абдан жакты, жана ошндой эле 10-класстын окуучуларына дагы ыраазымын ушинтип оюн өткөзүп жатышкандарына. 10-класс бул “Ак терек, көк терек” оюнуну улантып кетишет деп ишенем. Анткени ал жакта көптөгөн активдүү окуучулар окуурун дагы айта кетсем”.
Белгилей кетсек буга чейин мугалимдер күнүнө карата 8- октябрда «ак терек көк терек» оюну 1-жолу өткөн болуп өткөн.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков