Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 16- октябрь күнү Уу-Жон аттуу жерде 10-класстар арасындагы улак тартыш оюну болуп өттү. Оюнга Кызыл-Жылдыз жана Жерге-Тал айылдарынын мектеп окуучулары катышышты.

Бул тууралуу көк бөрү оюнунун калыстар тобунун мүчөсү Камчыбек Султанбеков буларга токтолду:
«Бул оюндун масатты эки айылдын окуучуларынын ынтымагын бекемдөө менен бирге улуттук оюндарды өнүктүрүү болуп эсептелет. Оюн тынч, таза болуп өттү».

«Чынында бул улак тартыш оюну абдан кызыктуу өттү. Жерге-Тал айылынын окуучулары дагы жакшы оюн көрсөтүштү, бирок биз ал жакты 7:2 эсебинде утуп алдык. Ортодо мелдеш бар болчу, биз аны алып көңүлдүү тарап кеттик”- деди Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Калмирбек Жумабек уулу.

Белгилей кетсек буга чейин Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары жана башка көптөгөн айылдын мектеп окуучулары менен улак тартыш оюнун өткөрүп келишкен.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков