Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Руслан Сурахманов Жал медиа борборунун корреспонденттерине айылынын алгачкы көчөлөрү жөнүндө айтып берди.
Кыргыздардын солто, сарыбагыш, бугу, сору, кушчу деген уруулары болгон. Бул уруулардын жашаган жери ар башка: солто — Чүйдө, сарыбагыш – Кеминде, бугу — Көлдө болсо, сору жана кушчу дагы Таласта жайгашкан. Бирок азыркы убакта уруулар бири-бири менен аралашып кетишкен.

Мисалы, сарбан уруусу солтодон тараган. Солтонун үч баласы болгон: биринчи баласы – Күнту, экинчиси – Култу, үчүнчү баласы – Чаа. Сарбан деген солтонун биринчи баласы, Күнтунун небереси. Сарбандар азыркы Сарбан айылына көчүп келип отурукташа баштайт, бирок Сарбандын канчанчы жылы келгени белгисиз жана ал жөнүндө так маалымат жок.
Азыр Сарбан айылында Сарбандын тукуму жана башка уруулар жашашат. Сарбан айылында 300гө жакын үй жана 2000 тегерегиндеги адамдар жашашат. Азыркы убакытта дагы көптөгөн үйлөр салынып жатат.
Сарбан айылында мурда үч эле узун көчө болчу. Алар: “40 лет”, “Карасуйский”, “Средний”. “Карасуйский” көчөсү менен “40 лет” көчөсү чет жакта, “Средний” көчөсү ортодо жайгашчу. Ошондуктан эки көчөнүн ортосундагы көчөнү “Средний” деп атап койгон.

“40 лет” көчөсүн Советтер союзуна кырк жыл толгондугуна байланыштуу аташкан. “Карасуйский” көчөсүнөн булак менен аралашып аккан “Кара-Суу” деген чоң арык болчу, ошо арыктын атынан көчөнүн атын “Карасуйский” деп коюшат.
Бул арык дагы деле бар, бирок анда суу кээде гана агат. Азыркы убакта “40 лет” көчөсүнүн аты өзгөрүлүп, композитор, музыкант Эсенжан Ибраимов агайыбыздын атынан коюлган. “Карасуйский” көчөсү менен “Средний” көчөсүнүн аты ошо бойдон калды. Бул үч көчөдөн башка көчөлөр Советтер союзу курагандан кийин пайда боло башташкан.
Маектешкендер: Сезим Муктарбек кызы, Асел Эркинбек кызы.