Суусамыр FM радиосу тарабынан уюштурулган «Парламент сүйлөйт» радиовикторинасынын жеңүүчүлөрү жана өрөөндүк «Акыл Ордо» интеллектуалдык таймашынын финалисттери КРсынын Жогорку Кеңешине барып таанышып келишти.
Жалпысынан 10 окуучу барып, Бишкек шаарында 2 күн болуп, кайра кайтышты. Бул долбоорлордун негизги демөөрусү Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович болду. Ал жолугушуу учурунда өз сөзүндө буларга токтолду:
«Өрөөндөгү мектептер арасында өткорүлүп жаткан долбоорлор окуучулар үчүн эң маанилүү. Парламент мүчөлөрүнүн таймашында балдар туура сүйлөп, өз милдеттерин жана укутарын билип, коомдук иштерге жакшы тартылган болсо, Акыл Ордо долбоорунда билимге болгон кызыгуусу артууда. окуучулар эле эмес, мугалимдер да кызыкдар болуп турушат. Бул долбоорлорду мен колдоону улантам, кийинки окуу жылдарында алымча-кошумчалары менен дагы жакшы кылып өткорүүгө аракет кылабыз.»
Жогорку Кеңештин иши менен таанышып, келечекке койгон пландарыма өзгөртүү киргизем деп 11-класстын окуучусу Адамалы Мойдин тегин бөлүштү:
«Буга чейин мен айылда эле өз кыялдарым менен гана жашачы экенмин, бул жерге келип, көп адамдардын иши менен таанышып, жашоого коз карашым өзгөрдү»
С.Карабеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Жанбулат:
«Ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөн үчүн биз уюштуруучу эжелерге, Тынчтыкбек Кадырбековичке терең ыраазычылык билдирем. Мындан ары китепти көп окуп, билимге гана умтулам», дейт.
Май айынын жыйырмасында, Акыл Ордо интеллектуалдык таймашынын финалы болуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат жана 1- орунду алган окуучу КТРКда боло турган Акыл Ордо таймашына жолдомо алат, ал эми праламент мүчөлөрү өзүнүн бир жылдык отчет презентациясы менен тааныштырып, Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбековичтин баалуу белектерине ээ болушат.
Айзада Калканбекова