Жарандык коргоо күнүндө окуучуларга өздөрүн кырсыктарда кантип алып жүрүшү керек экени туралуу айтылды. Ошондой эл ар бир класста класстык сааттар өтүлдү.

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде 12-апрелде жарандык коргоо күнүнө карата иш-чара өттү. Ар бир класс жетекчи өздөрүнүн классы менен бөлүнүп берилген темалары боюнча класстык саат өтүштү. Сабактарда окуучулар өздөрүн ар кандай кырсыктарда кантип сактаныш керек экени жөнүндө жана туура алып жүрүшү тууралуу айтылды.
Динара Султаналиева, мектеп директору:
— Атайын түзгөн иш-мерчеми боюнча класс жетекчилер төмөнкү темалар боюнча сабактарды өтүштү: 5-класстарда «Жер титирөө жана кесепеттери», 6-класста «Кар көчкү, сел каптоо, тоолордун уроолору», 7-класста «Суу ташкыны, сел агымы, жер көчкү, кар көчкү», 8-9-класстарда «Өрт кырсыгы», 10-11-класс «Терроризм жалпы адамзаттын көйгөйү». Класс жетекчилер сабакта тема боюнча коркунучтуу кырдалдардын келип чыгыш себептерин, коопсуздук учурларда жүрүм-турум эрежелери жөнүндө маалымат беришти.
Ырыскелди Асанов, тарбия иштери боюнча директордун орун басары:
— Жарандык коргоо күнүн ар дайым апрель айларында өткөрөбүз. Максаты — окуучуларды өзүн-өзү коргоону билүүсүн, табигый кырсыктар болгон учурда кантип өзүн сактоо кеоек экенин үйрөтүү.
Даярдагандар: Асел Эркинбек кызы, Эрмек Арслан кызы.