Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде “Себат” лицейине кабыл алуу боюнча сабактардан тест алышты. Ага Сокулук районунун жогорку зонасынын окуучулары келип катышты.
Талгат Кара-Балтадагы түрк лицейинин математика мугалими:
— Себат лицейи 1991-жылы Бишкекте ачылган, ошондон бери кабыл алма тести алынып келе жатат. Биз бул мектепке жыл сайын тест алабыз. Тест 6-класстар арасыда өтөт. Биздин лицейде 7-класстан баштап 11-класска чейин окушат. Биздин лицейдин шарттары 6-класстан баштап окутуу. Контракт өзгөрөт, эгерде бала жакшы окуса жеңилдиктер бар. Контракттар ар бир лицейге карап өзгөрүп турат. Кара-Балта лицейинде былтыр 3000 АКШ доллары болчу.
Себат лицейи окуучулардын билимин мектепке караганда көбүрөөк өрчүтөт. Ошондой эле англис, түрк тилинде эркин сүйлөөгө мүмкундүк берет. Бул себат лицейи мектептерди аралап өзүнө окуучуларды кабыл алышат. Уландар менен кыздарды өзүнчө окутушат.
Даярдаган: Калыс Кылычбеков.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.