Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинде физика сабагынан тажрыйба алмашуу боюнча семинар болду. Семинарда 8-а класс ачык сабак өтүп, 9-10-класстын окуучулары класстан тышкааркы иш-чара көрсөтүштү.

Рафа Тепеева:
— Мен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин физика мугалимимин. Алымкулова Аиданын ачык сабагына катыштык. Мугалим эң жакшы изденүү менен сабагына даярданыптыр. Семинардын темасы “Окуучулардын билимин жогорлатууга окутуунун жаңы технологияларынын ыкмалары” боюнча тажрыйба алмашуу. Аида Акматбековнанын сабагына эң жакшы деп биз анализ бердик. Сабактан тышкаркы иш-чаралары бүгүн өзгөчө, себеби бул жерде физикага тиешелүү бардык илимдер менен байланыштырып, окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтө алышты.

Уланбек Жеңишбек уулу:
— Мен З.Кадыркулова атындагы орто мектептин физика мугалими болуп иштейм. Бүгүнкү семинар мен үчүн жемиштүү болду. 8-класста “Электр жумушу жана куубаттулугу” деген темада Алымкулова Аида эженин өткөн сабагына рахмат. Балдары дагы жакшы даярдыктарын көрсөтүштү. “Суу өмүрдүн булагы” деген сабактан тышкаркы иш чара дагы аябай жакшы өттү, мектеп жааматтына, мугалимдерге, окуучуларга, эң чоң ыраазычылык билдирсе болот. Семинар максаттына жетти.

Кундуз Ахатова:

— Мен Сокулук районуна караштуу Маловодный орто мектебинде физика сабагынан мугалимин. Бул семинарда көп нерселерди алдым, себеби физика сабагы боюнча ачык сабагына ктыштым. Ал сабак “Электр тогунун жумушу жана кубатуулугу” боюнча болду балдардын бардыгы тең активдүү катыша алыштты. Үч топко бөлүнүп жарыш түрүндө өтүлдү абдан жакшы болду. Ал эми 9-10-классттын окуучуларына ачык сабак өтүлдү. Ушул ачык сабакта окучулар илимдердин бардыгын кабыл алышып, бардыгына суу кандай керек экендигин айтып беришти.
Кадырбек Байматов:
— Мен Жаңы Жер мектеп комплексинде физика мугалими болуп иштейм. Ачык сабак өтө жогорку дэңгээлде өттү. Менин оюмча максаттына жетти, бардык тапшырманы берип бышыктап, маселе чыгарытып, азыркы убакыттагы ошол коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө сабак өтүү усулдары боюнча көрсөтүп берди. Ийгилик бар жерде сөсүз болот ийгилик. Ийгилик дээңгели кемчиликтерди жабып кетти деп ойлойм.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Дастан Жаркымбаев.