Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы медресенин ачылганына бир жыл болду.
Учурда медреседе аймактардан келген жана 9-классты бүтүргөн окуучулар билим алып жатышат. Бул жерде балдар араб тилин үйрөнүп, Куранды жатташат.



Медресенин мүдүрү Нурлан Абдырасул уулу бул жерде балдарга араб тили боюнча сабак берет.
— Медреседе кыргыз жергесинин жараны болгон кырк бала окуйт. Биз диний билим берүү окутуу багытында иштейбиз. Балдар бул жерде куран жатташат жана араб тилин ошондой эле ислам юриспруденциясын үйрөнүшөт. Биздин медресеге Кыргызстандын баардык облустарынан балдар келишет, тогузунчу классты бүткөн колдорунда күбөлүгү бар окуучулар болушу керек. Көбүнчө бизге түштүк тараптан келишет. Тилекке каршы бул айылдан балдар жок, кийинки жылда дагы балдар келсе жакшы болот. Менин оюмча бул айылдын балдары бул мечит жөнүндө маалымат билишпейт ошондуктан келишпейт. Анткени бул медресе ачылганына бир эле жыл болду.
Даярдаган: Калыс Кылычбеков.
Редактору: Ууржан Молдокулов.