Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Майрам Абышова табыштама менен таш кордо даамын өз үйүнөн кардарларына даярдап берет.
Мейман күтүүдө сыйлуу тамактардын бири учурда таш кордо болууда. Бул улуттук тамакты төрт жылдан бери Орок айыл аймагынын тегерегиндеги, коңшу айылдарда мейман күтүүдө, куда тосууда сый тамак катары даярдалып келет. Майрам Абышова өз үйүнөн кой союп, таш кордодон жаныбарлардын келбетин жасайт.

Майрам Абышова:
— Мен таш кордо менен алектенгениме төрт жыл болуп калды. Таш кордодон жаныбарлардын келбетин жасайм. Аларды жасаганда биринчи ичегилерин тазалайм, өрүп жана ага картөшкө, пияз, капустаны ороп коём. Жүрөктү жаныбардын башына сайып салып коёбуз, ал болсо жылан жаныбары болуп эсептелет. Боорду туурап, ага ич майынан кошуп пияздарды коюп жанына өрдөктү жасайм. Ак куу кушун жасоодо өпкөнүн ичин үйлөп сүт, сарымайды ошонун ичине куябыз. Үйүбүзгө кой алып, заказ болуп калса, койдун этинен таш кордо жасайбыз. Өзүбүздүн атайын таш кордо жасай турган очогубуз бар. Биз табыштама менен гана таш кордону жасайбыз.
Даярдагандар: Марлен Базаркулов, Калыс Кылычбеков.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.