Алтынай Ниязалиева Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну. Ал малина өстүрүү менен алектенгенине 20 жылдай убакыт болуп калды.
Ниязалиева жер семирткич катары тооктун кыгын колдонот. Күз айыларында малина мөмөсүн байлап бүткөндөн кийин, малинаны кыркып коюу зарыл деген кеңешин берет ал. Анткени кийин малина өскөндө сабы жана мөмөсү чоң болот.

Алтынай Ниязалиева:
— Биздин малина тиккенибизге жыйырма жыл болду. Малинаны чакан эле жерге тиккенбиз, алгачкы болуп төрт эле сап тигилген. Төрт саптан кийин улантып малинанын түшүмү жакшы экенин билип өстүрө баштадык. Жумушу көп деле эмес күз, жаз маалдарында отоп сугарып жакшы мамиле кылсак түшүм көп берет экен. Баасы дагы жакшы баалуу мөмө экен, ушул жерден эле 60 миң сом чогулат. Күзүндө кыргыздын аш, тойлорунда өзүбүзгө чакан жеткидей оокат кылып жатабыз. Жер семирткичтер катары тооктун кыгы эң биринчи жер семирткич болуп эсептелинет экенин билдим. Себеби бул кеч күздө бир карыш кылып жерге калтырып кыркабыз. Кышында кар менен сиңип жазында түбүнөн жоон жаңы сабактар чыгып мөмөсү дагы чоң болуп, жакшы болот. Азыр мына малиналарыбыз дагы жерден чыга элек. Бирок аябай күзүндө тооктун кыгын жакшы эле сепкем, эми түшүм жакшы эле болот боушу керек деп ойлойм.
Даярдаган: Альбина Нурбек кызы.
Редактору: Дастан Жаркымбаев.