Сокулук районунун Жал айылында жашаган Кадыр Саматов тоок багуу менен бизнес кылып, үй-бүлөсүн багып келет. Бул иш менен алектенип келатканына болжолу менен төрт жыл болуп калды.
Кадыр Саматовдун сарайында 250дөй тоогу бар. Ал “Натуро-награ” фирмасынан үлгү алып, бизнес кыла баштаган. Ал тооктун жумурткасын сатып иштегенден тышкары, тоок этин да сатып жатат. Баккан тоокторду дагы көбөйтүүгө аракет кылып жатышат.
Кадыр Саматов:
— Тоок багууга аябай кызыктым, тоок бакканыма төрт жыл болду. Башында аябай кыйналгам, түйшүктүү болгон. Кийинчирээк оңой эле болуп калды. Тоокканамда 250дөй тоок бар, канаттууларым күнүнө 200дөн ашык жумуртка тууйт, жумурткаларды 7 сомдон өткөрөбүз. “Натуро-награ” фирмасы менен өнөктөшпүз, алар балапандарды чоңойтуп беришет. Инфекция катуу жүрүп жаткан учурда канаттуулар ооруп калбашы үчүн дары-дармектерди беребиз. Бир үй-бүлө 500дөй тоок бакса болот. Азыр болсо биз тооктун этин да өткөрүп жатабыз. Мен баккан тооктун пародасы “Голландский король”. 250 тоокту дагы көбөйткөнгө аракет кылам.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу, Калыс Кылычбеков.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.