«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» демекчи жылдагыдай радиовикторинада билимдүүлѳрдүн таймашы болуп ѳттү. Анда Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү 5 орто мектептин билим, илим министрлери ат салышты.
«Парламент сүйлѳйт» долбоору 5 этаптан ѳтүп, «Эң мыкты билим, илим министри» наамын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучусу Каныкей Амантаева жеңип кетти.
Сынак Суусамыр радиосунун түз эфиринде ѳтүп, ѳздѳрүнүн иш-пландары менен тааныштырып, суроолорго жооп берип, таланттары менен бѳлүшүштү.
Былтыркыга салыштырмалуу быйылкы иш пландарында кандайдыр бир ѳзгѳрүштѳр бар экени ачык эле байкалып турду. Себеби былтыр “Парламент сүйлѳйт” таймашынан кѳптѳгѳн кемчиликтер болгондуктан, алар кайталанган жок. Суроолордон жакшы жооп бере албай, логикалык суроолордон аксап калгандар болду. Ал эми “Талантым бар” тапшырмасында ѳздѳрүнүн ырлары, монологу, «Манас» айтуу, комуз чертүү шыктарын көрсөтүштү.
Түркмѳн орто мектебинин катышуучусу Рима Сталбек кызы сынактын алдында толкунданып атканын айтты:
«Мен бул «Парламент сүйлѳйт» долбооруна бир жума аралыгында даярдык кѳрдүм. Азыр толкунданып, коркуп атам. Мени бул жакка мектептин президенти Бакыт кызы Жибек колдоп келди.»
Сынак жогорку деңгээлде ѳтүп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды. Радиовикторина эки жарым саатка созулуп, ортосунда бир музыкалык тыныгуу менен коштолду. Долбоордун катышуучуларын мектептин окуу тарбия боюнча директорунун орун басары, ата-энелер, окуучулар коштоп келишти. Коштоочулар радионун сыртында чыдамсыздык менен тыңдап отурушту.
Кожомкул айлынын Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучусу Айжан Жеңишбек кызы классташы Каныкейди колдоп келгенин билдирди:
«Бул сынак ѳтѳ жогорку деңгээлде ѳтѳт деп ойлойм, анткени бул жакта акылдуулардын акылдуусу, билимдүүсү таймашып жатышат. Ал эми ѳзүмдүн мектебимен келген билим министри Каныкейге жеңиш калайм.»
Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин тарбия завучу Назима Койчукеева буларга токтолду:
«Бул долбоор башталгандан бери окуучуларга жакшы таасирин тийгизди, себеби иш кагаздарынан кѳп кемчиликтери кетип жатты, алардын баардыгын тууралап, кагаз жүзүндѳ кѳрсѳтүшүп, ѳздѳрү иштеп, алдыга умтулуп жатышты. Окуучулар мугалимдерине кайрылып, билбеген нерселерин сурап, жакшы жыйынтык берип жатышат. Кандай иш-чара болбосун кагаз бетине түшүрүп, иш план папкасына салып, иштеп калышты. Алдыга жылуу бар.»
Жыйынтыгында Мырзакматов атындагы орто мектебинин билим, илим министри 1-орун, Бегимкулов атындагы орто мектеби 2-орун, Түркмѳн атындагы орто мектебинин билим министри 3-орунга ээ болушту.
2-орунду алган 9-классында окуган Айзирек Чыңгызбек кызы буларга токтолду:
«Бул сынакка даярданганыма бир айдын жүзү болду, эмгегим текке кетпей 2-орунду алып отурам. Долбоорго даярданганыма жол кѳрсѳткѳн мугалимдериме ыраазычылык билдирем. Ал эми мени колдоп келген атам жана классташтарым болду.»
Бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты, Суусамыр айылынын туруктуу демѳѳрчүсү Тынчтык Конушбаев тарабынын жүргүзүлүп жатат. Окуу жылы аяктаганда жеңүүчүлѳрдү Жогорку Кеңешке алып бараары күтүлүүдө.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова