Волейбол боюнча райондук кыздар арасындагы таймаш 10-11-июнда Токтогул шаарында болмокчу. Бул таймашка окуучу кыздар жана студент кыздар катыша алат.
Бул тууралуу Чоң-Арык айылынын машыктыруучусу Тилек Көлбаев төмөнкүлөргө токтолду:
«Бул мелдеш 10-11-июнда дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Бул мелдешке Кара-Көлдөн бери Токтогул району катышат. Жаш курагы чектелбейт, кыздар арасындагы волейбол болот. Токтогул, Кара-Көл, Камбар-Атадан бери катышат. Бара турган кыздар бизден окуучу кыздар, шаардан студент кыздар келишет. Алардын деңгээли жакшы, республикалык деңгээлде. Жалпы он кыз катышат. Жалпысынан биздин кыздардын даярдыгы жакшы.»
11-классты бүтүрүп жаткан Айнуска Абдырайым кызы таймашка даярдыктары жөнүндө:
«Мурда көп эле жолу даярданганбыз, бирок мурда тыныгуулар болуп, азыр машыкканыбызга азыраак эле күн болду. Даярдыктар кудайга шүгүр.»
Айнусканын атасы Абдырайым Өмүрбаев кызынын спорт менен машыгып, топ ойногонуна каршы эмес экендигин билдирди.
«Мен да өзүм волейболго кызыгам. Кызымдын да кызыгуусу жакшы. Машыгуудан эч калтырбайм. Көп шаарларга барып келип жатат, мен абдан кубанычтамын. Жакында дагы оюн болот экен, аларга дагы барат. Мен кызымдын топ ойногонуна каршы эмесмин. Ишине ийгилик, дайыма өзүм сыймыктанып жүрөм. Дагы көп жетишкендиктерге жетишип жүрө берсин”.
Волейбол боюнча райондук мелдешке даярдануу жумасына 3-4 күндөн жүргүзүлүүдө.
Даярдагандар: Бексултан кызы Арууке, Иличбек кызы Айшоола.