Ак-Талаа районунда балдардын билим берүү борборунда “Жаш ойлоп табуучулар” арасында сынык болуп өттү. Сынакка мектептерден тандалып келген 20 окуучу катышты. Жыйынтыгында район борборундагы Карасартов мектебине 1-орун ыйгарылды.
Окуучуларды физика мугалимдери даярдап алып келишкен.

Окуучулар сынакка өздөрү жасаган буюмдарды алып келишкен. Сынактын катышуучулары жасаган эмгектердин арасында учак, чачыратып сугаруучу аппарат, кар чыгаруучу трактор, тегирмен, сууда жүрүүчү кеме, сууну жылытуучу, күндөн алуучу зарядкалар бар.
Ойлоп табуучулардын сынагына Э.Карасартов, М.Балбаков, С.Жусупбаев, И.Молдобаев, М.Базаркулов, К.Молдобасанов, Б.Календеров орто мектептеринен окуучулар келген.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Э.Карасартов мектеби 1-орунду, Б.Календеров мектеби 2-орунду, К.Молдобасанов мектеби 3-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер берилди. Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Шаршенбек уулу Бусурман 16-мартта боло турчу облустук сынакка катышмакчы. Ал күн нуру менен заряд берүүчү калпак жана батарея менен жүрүүчү щетка ойлоп тапкан.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адинай
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!