«Кɵк Кит» аттуу ɵспүрүмдɵрдү ɵз колу менен ɵз ɵмүрүнɵ кол салууга алып барган коркунучтуу оюн мугалимдер менен ата-энелерди ойго салды.
Сокулук районундагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин ата-энелер чогулушунда азыркы болуп жаткан социалдык тармактагы ɵспүрүмдɵрдүн ɵз ɵмүрүнɵ кол салууга чейин алып барган оюндар жɵнүндɵ сɵз болду.
Ата-энелер окуучуларга «Мобилдик телефондордун балдарга кереги барбы же жокпу?» деген суроону талкуулашты. Кɵпчүлүк ата-энелер телефондор балдарды окуудан алаксытып, кереги жок зыяндуу кɵп нерселерди телефондон кɵрүп үйрɵнүп жаткандыктарын айтышты.
Чындыгында эле азыр балдар китепти да кɵп окубай калгандыгы ɵкүндүрɵт. Бул жалпы коомчулук ойлоно турган маселе деп ойлойбуз. Ошол себептүү ата-энелер мектепте телефон алып жүрүүгɵ тыюу салынсын, ал эми үйдɵн катуу кɵзɵмɵлгɵ алуу тууралуу чечимге токтолушту.