Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде «Жаш таланттар ийрими» иш алып барып келет. Жаш болсо дагы жакшы чыгармаларды жаратып келген ийримдин жаш акындары менен баарлаштык.
Мырзагүл Райымберди кызы 11- класстын окуучусу. Анын айтымында, үй-бүлөсү ырга, поэзияга жакын, агасы Эсенболот Райымбердиевдин жазган ырларын көрүп ыр жазууга таасирленип, ыр жаза баштаган. Ыр жазуу жаш акын Мырзагүлдүн хоббиси. Ал ыр жазуудан ырахат алаарын айтты. Ал ар кыл темада ырларды жазат. Келечекте акын болгусу келээрин кошумчалады ал.

Мугалим
Мугалим — бул жөпжөнөкөй жупуну,
Барга, жокко бирдей ар бир учуру.
Ааламдагы көрөгөч да, даанышман,
Билим менен тартуулаган кутуңу.
Мугалим — бул бүтпөс дөөлөт жасаган,
Баа жетпеген бакытсың деп атагам.
Келе жатсаң туура жолду көргөзүп,
Башка не дейм алкыш гана айта алам.
Асыл ойдон, бийик максат курасак,
Турасыздар бизди дайым кубаттап.
Жан дүйнөнү билим менен гүлдөткөн,
Эже-агайым сиздерге чоң рахмат!
Кылымжан Бекташова 10-класстын окуучусу. Ал кичинесине бери эле ыр жазууга кызыгат, бирок, 8-классынан бери ыр жазып келет. Анын айтымында, сыналгадан акындарды көрүп, алардан таасир алып, ыр жазып баштаган. Мектепте “Жаш таланттар ийриминде” башка дагы көптөгөн окуучулар менен биргеликте ийримге катышаарын айтты.

Айтсам Чыңгыз жөнүндө
Төрөлгөн Таластын Шекеринде,
Бой жеткен Манастын мекенинде.
Айтамын даңазалап Чыңгызымды,
Алыска тааныткан кыргызымды.
Чыгармасы чындык менен төп келишкен,
Таамай жазган түйшүктөрүн кыргызымдын.
Тактап айтсам Чыңгызымдын сапатын,
Мындай адам табылбайт го дүйнөдөн.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн