Ромашка-татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Анча бийик эмес, жыттуу, сабагы бутактуу, гүлү майда, чети ак, ортосу сары гүл. Анын 50дөн ашык түрү Евразияда, Африкада белгилүү. Ромашка дарылыкка колдонулуп, анын чайын жана суудагы кайнатмасын көптөгөн ооруларга жакшы.
Курамында эфир майы, белок ,азумен, глюкозид, С витамини бар. Кыргызстандын бардык аймактарында өсөт.
Өсүмдүк- көптөгөн вирустук, жугуштуу жана бактериялык ооруларды дарылоодо колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Илгертен бери эле белгилүү, ромашканы суук тийгенде, тамак ооруганда, гриппке каршы ичишет.
Ромашка гүлүндөгү флавоноиддер өсүмдүктү күчтүү бактерияларга, вируска, сезгенүүгө каршы таасири менен камсыз кылат. Ромашканы түзгөн заттар бүтүндөй пайдалуу эффекттерге ээ. Алар дезинфекциялайт жана ичегини тазалайт. Ромашка тамак сиңирүү, органдардын активдүү иштешине жакшы таасир этет. Ашказан ширесинин, өттүн бөлүнүп чыгышын күчөтөт, табитти ачат. Ромашка гастрит, ичке жел туруп калууда, ичеги карын ооруларын жана башка тамак сиңирүү органдарынын ооруларын дарылоодо жана жеңилдетүүдө жардамын тийгизет.
Ромашканын пайдасы:
• Сезгенүүгө каршы милдетти аткарат.
• Рак оорусун алдын алат .
• Сасык тумоону дарылайт.
• Жүрөк кан тамырдын иштешин жакшыртат.
• Ич өткөктү жоет.
• Тери көйгөйлөрүн жеңилдетет.
• Тамак сиңирүүгө, аш-казан оорусун дарылайт.
• Геморойду басат.
• Тиштин дарыланышына жардам берет.
• Эс алдырат.
• Диабет менен күрөшөт.
Ромашкадан жазалган дары-дармектер:
1. Чай, ромашка чайы — ашказанды тазалайт жана ички органдардын жакшы иштешине жардам берет. Ромашка чайды, кайнатмаларды жана башка препараттарды туура өлчөмдө ичүү зарыл. Ашыкча боло турган болсо, терс таасирин тийгизет.
2.Ромашканын суудагы кайнатмасы-тиштин оорусун басат жана женилдетет.
3.Ромашкадан жазалган косметикалык каражаттар өтө пайдалуу. Ромашка теринин майлуулугун жөнгө салат, май бездерин турукташтырат, терини жумшартат жана айлана-чөйрө факторлорунун зыяндуу таасиринен сактайт. Ромашка чачка пайдалуу, чачты жуугандан кийин ромашканын кайнатмасы менен чайкап, шампундун зыяндуу компоненттерин нейтралдаштырат, чачты азыктандырат жана бекемдейт.
Ромашканы отургузуу май айларында баштаса жакшы болот. Аны көчөт менен дагы, урук менен айдаса болот.
Дары чөп: Адырашман чөбү көп ооруларды алдын алат
Айтурган Токтобаева