Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Өрт коопсуздугун алдын алуу» боюнча атайын иш- чара өткөрүлдү.

Бул өткөрүлгөн иш чарага райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү кызматкерлери, райондук оорукана бөлүмүнүн тез жардам кызматы келип катышты.

Иш- чаранын жүрүшүндө атайын машыгуу үчүн чыгарылган өрттү өрт өчүрүүчү кызматкерлер келип өчүрүп, имараттын ичинде калып калган окуучуларды сыртка алып чыгууну көрсөтүп беришти. Ал эми тез жардам кызматкерлери түтүнгө ууланган,колу күйгөн жана электр тогуна урунган окуучуларга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керектигин иш жүзүндө жасап,көргөзүп беришти. Ошондой эле мектептеги атайын уюшулган куткаруучу топ дагы алар менен чогуу жардам беруу ыкмаларын жасашты.

Жыйынтыгында өрт өчүрүү бөлүмүнөн келген Мелис Токтобеков окуучулардын берген суроолоруна жооп берди. Өрт чыккан учурда сакталуучу эрежелер жөнүндө кеңири түшүндүрүп берди. Аны менен катар өрт өчүрүүчү кызматкерлер окуучуларга өрт өчүрүүчү унааны жана андагы жабдыктар менен тааныштырып алар жөнүндө маалымат беришти.
Бул иш- чаранын максаты өрт коопсуздугун алдын алуу жана окуучуларды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого үйрөтүү болуп саналат.

Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Жылдыз Молдобаева билдирди.
Даярдаган: Азем Маратова