Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жарлыгын иш жүзүнө ашыруу максатында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү боюнча иш чара өткөрүлдү. «Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп интернатында «Сен мыктысың» деген аталыш менен, кароо сынак форматында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо иш чарасы болуп өттү. Иш чара мезгил талабына ылайык өз убагында, эң жогорку деңгээлде уюшулган. Учурдан пайдаланып шаардык мэриянын атынан көмөчү мектеп-интернаттын эмгек жамаатына, жетекчиси Рабия Джураевага ыраазычылык билдирип кетким келет. Балдарды колдоо боюнча иш чаралар, жыл бою шаарыбыздагы бардык билим берүү мекемелеринде, системалуу түрдө өтөт» -деп маалымат берди Сүлүктү шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Марзия Сапаркулова. «Биздин демилгени колдоп, демөөрчүлүк көрсөткөн Сүлүктү шаарынын мэри Р.Э Абдыназаровго, шаардык Кеңештин төрагасы К.А.Исмаиловго жана коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору И.Дж. Карабаевге, ошондой эле ишке ашырууга жардам берген Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркуловага, шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабуровага, колдоо көрсөтүп келип катышып берген шаардын баш имам-хатими Артык Мадаминовго, идея берип, моралдык колдоо көрсөткөн ардагер Аксакалабыз Ильяш Мамадалиевге жана бардык колдоочуларга, эмгек жамаатымдын атынан, тарбияланып жаткан балдардын атынан, терең ыраазычылык билдиремин»- дейт Сүлүктүдөгү балдардын көмөкчү мектеп-интернатынын директору Рабия Джураева. «Иш чара чындыгында мыкты деңгээлде уюштурулуптур, бул жерде балдарга мотивация берип, руханий колдоо менен бир катарда материалдык колдоо көрстүү да болду, тарбиялык сабак да, Инсан таануу сабагы да болду. Кыскасы бир иш чаранын алкагында балдарды колдоо боюнча комплектүү иштер болуп өттү. Балдардын духун көтөрүү максатында, Сүлүктүдөгү маданияттын мыкты кызматкерлери, Кыргызстанга таанымал болгон ырчы Насиридин Жуманов, аткаруучу Исман Уметов жана Алтынбек Урматаевдер келип, иш-чарада калыстык милдетти аткарып берди»- дейт Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабурова. Белгилей кетсек иш-чарага Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби молдо Артык Мадаминов, коомдук ишмер Исманали Карабаевдер колдоо көрсөтүп, катышты. Даярдаган: Бакытбек САПАРКУЛОВ