Сүлүктүдө Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция болуп өттү. Шаардык деңгээлдеги иш чара Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектептин маараке залында болуп, шаардын вице-мэри Марзия Сапаркулова, Сүлүктүдөгү педагогикалык колледждин директору Райхан Мадаминова, гимназиянын директору Базаргүл Рустамова, шаардык билим берүү бөлүмүнөн Темиржан Каюмова, Гүлдар Мадаркулова жана башка бир топ жетекчилер катышты.
Конференция алгач Сүлүктүдөгү балдар чыгармачылык борборунун бийчилеринин бийи менен башталып, Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектебинин саламдашуусу менен уланды. «Конференция учурунда шаарыбыздагы көрүнүктүү мугалимдер тарабынан эң мыкты докладдар окулду. Өзгөчө №3-орто мектептин окуучулары аткарган Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу»- чыгармасынан алынган көрүнүш таасирдүү болду. К. Сабуров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, №4- мектептин мугалими, акын Айсулуу Садыкованын Ч. Айтматов жөнүндө жазган ырынан 10-класстагы окуучусу көркөм окуу аткаргандыгы менен конференциянын катышуучуларынын алкышына татыды. Негизинен конференция максатына жетти»- деп маалымат берди Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
Даярдагандар: Айзада ЭРКИНОВА, Айсырга Муртазали кызы