Талас шаарында “Кызыл ай” коому тарабынан Дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнө карата Өкмөттүк эмес уюмдарынын жарманкеси болуп өттү.
5- декабрда А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде жарманке болуп өттү. Бүгүнкү жарманкенин башкы максаты болуп, Талас облусундагы өкмөттүк эмес уюмдарды бириктирүү, алардын ишин жайылтуу жана коомчулукка кененирээк маалымат берүү.
“Кызыл ай” коомунун кызматкери Шаршенова Гулипа мындай деди:
“Мен кан тапшыруу боюнча элдерге маалымат берем жана ошондой эле ыктыярчылар менен тыгыз иш алып барам. Бул майрамды өзүңүздөр билгендей эле жыл сайын белгилеп келебиз. Бул иш чараны “Кызыл ай” коому өткөрүп жатабыз. Бул “Кызыл ай “ коомунун максаты, башка өнөктөш ыктыярчылары менен иш алып баруу. Башкаларга кааларым чын ден-соолук, ушундай ийгиликтерди каалап кетмекчимин”,-деди Гулипа Шаршенова.
Ал эми “Кызыл ай” коомунун ыктыярчылары Акбермет Анарбекова жана Искендер Токтогулов дагы өз оюн калтыра кетти:
“Бүгүнкү иш-чара эң жакшы деңгээлде өттү. Өзүмө жакшы сапаттарды ала алдым десем болот. Бугүнкү иш-чарадан дагы көптөгөн жакшы сапаттарды ала алдым. Мен башкаларга кааларым ыктыярчы болуп иштөөсүн каалайм”,- деп айтты Акбермет Анарбекова.
“Бүгүнкү иш-чара кызыктуу болду. Мен мынча көп уюм бар экенин билбептирмин. Иш-чара аркылуу өзүбүзгө пайда ала алганыбыз көп, жакшы сапаттарды ала алдык. Мындан нары дагы көп жолу иштешебиз деп ойлоймун. Башкаларга кааларым баарыбызга ийгилик, бири-бирибизге жардап берип жүрө берелик”,-деп өз оюн айтты Искендер Токтогулов.
Даярдаган: Ажар Салиева, Алина Абенова