Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен Сүлүктү шаарында «Мектептик билим берүүдөгү мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашырууда Акыл эмгегинин маданиятынын ыкмаларын колдонуу» деген темада микротренинг өтүлдү.
“Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранттары үчүн, Ханнс Зайдель фонду жакшы колдоо көрсөтүп келүүдө. Стипендианттар долбоор жазып, кичи тренингдерди жана чакан долбоорлорду ишке ашырып келет. Сүлүктү шаардык мэриясы Ханнс Зайдель фонду менен кызматташып жатабыз”-дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
“Микротренингди Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты, Ханнс Зайдель фондунун стипендианты, Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин координатору Бакытбек Сапаркулов өттү. Мындан кийин ар айда Сүлүктү шаардык мэриясынын алдында түзулгөн “Демилгелүү жаштар ” уюмунун мүчөлөрүнө социалдык долборлорду жазуу боюнча кичи тренингдерди уюштуруп турабыз”- дейт мэриянын жетектөөчү адиси Гулбарчын Орунбаева.
“Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин катышуучулары менен 2019/2020-окуу жылында алгылыктуу иштерди жасай алдык. Быйылкы окуу жылында да ишмердүулүгүбүздү баштап жатабыз. Учурда билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасынын башчысы Темиржан Каюмова менен биргеликте Сүлүктү шаары боюнча мектептерде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана предметтик стандарттарды окуу процессине реализациялоо учурунда “Акыл эмгегинин маданияты” ыкмасын колдонуу боюнча иштерди баштап жатабыз. Буюрса Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен көптөгоң кичитренингдерди жана социалдык кичи долбоорлорду ишке ашырабыз деген максаттар бар”- дейт Бакытбек Сапаркулов.
Барчинай Алимова