Н. Кушматов атындагы №9-гимназияда 8- класстардын окуучуларынын ортосунда уюштурулуп өткөрүлгөн конкурс-сабак жыйынтыкталды. «Балдарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында көптөн бери даярдап жүргөн сабагыбыз жыйынтыкталды. Директорубуз Базаргүл Рустамованын сунушу менен шаарыбыздагы Ооган согушунда кызмат кылган жарандарыбызды да чакырып, сабакка катыштырдык. Интернационалист жоокерлерибиз балдарга мекенчилдик боюнча кеп кеңештерин берди»- дейт тарыхчы мугалим Гульнара Карабаева. «Бул сабакты Гульнара Карабаева менен биргелешип иштеп чыгып, өткөрдүк, максаттуу болду. Негизи эле Гульнара эжей, өз ишине өтө берилгендик менен сабак өтөт. Өзгөчө уул балдарга өтө таасирдүү боллу»- дейт дагы бир тарыхчы мугалим Гүлжан Мовлянова. «Эки мугалим биригип, сабак өткөнү өтө эфективдүү болууда. Негизи эле биздин тарыхчы мугалимдерибиз Гульнара Карабаева менен Гүлжан Мовляновалар көп сабактарды биргелешип, ынтымакта өтүп, жакшы натыйжаларга жетишип келүүдө»- дейт гимназиянын уюштуруучусу Бермет Абдурахманова. Даярдагандар: Айзада ЭРКИНОВА, Айсырга Муртазали кызы