Сүлүктү шаарындагы Кушматов атындагы гимназияда кыргыз тили майрамы белгиленди. Гимназисттерди аталган окуу жайынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, жыл мугалими-2017 кароосунун жеңүүчүсү Дилара Шералиева даярдаган. «Иш чара өтө жогорку деңгээлде даярдалып өттү, тарбиялык мааниси мыкты болду»- дейт тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бермет Абдурахманова. Иш чаранын өзгөчө жери, 6-б классынын окуучулары «Оп майда» элдик ырын заманбап оранжировка менен ырдаганында. Негизи эле Дилара Шералиева ар бир сабакка чыгармачылык менен даярданат»- дейт гимназия директору Базаркул Рустамова.
Кабарчы: Айзада ЭРКИНОВА